Бардык жаңылыктар

Бакир Таиров кантип Раим Матраимовдун кол баласына айланган?..

2012 - жылдары азыркы каржы кызматынын төрагасы кадимки Бакир Таиров өлкөнүн түштүк аймагы боюнча ИИМдин УКТга каршы жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын  орун басары болуп турган. Дал ушул убакта Кара-Суу районунун акимин шайлоо орун алган. Кара-Суу  районунун акимин шайлоодо өзүнчө аңызга айланган чуулгандуу окуяларга эл күбө. Акимдикке Раимбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов менен Райондук Кеңештин төрагасы Бакыт аттуу жаран ат салышат. Тилек Матраимовго караганда Бакыт мырзанын эл алдында кадыры жогору болгондуктан анын өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон. Бирок, ошол кезде эле айлакер Матраимовдор райкеңештин он бир депутатын коңшу Өзбекстанга алып чыгып, коркутуу жолу менен, ар-бирине беш миң доллар берип сатып алып, Тилек Матраимовду акимдикке өткөргөнү тууралуу маалыматтар эл оозунда айтылып келет. Карапайым калкка анчейин кадыры жок Тилек Матраимов аким болуп дайындалганы, аны жергиликтүү айыл өкмөт башчылары да теңине албай коюшат. Райондогу айыл өкмөттөрдүн аксакалы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Аким Баатыр Тилек Матраимовдун жүргүзгөн саясатын ачык-айкын колдоодон баш тартат. Анын үстүнө Сарай айыл өкмөтү бакубат айыл өкмөтү катары белгилүү. Оштогу эң чоң базар Кара-Суу базары дал ушул айыл аймакта жайгашкан. Айыл өкмөт башчысына кыжыры келген Матраимовдор аны жолдон чыгаруу үчүн Бакир Таировду колдонгондору чынбы? Маалыматка караганда булар Бакир Таировго 50 миң доллар берип аны мыйзамсыз ишке барууга көндүрүшкөнбү? Алкымын майлап алган Бакир Таиров ыплас ишке барып, Аким Баатырды жер шылтоосу менен он миң доллар өлчөмүндө “подстава” жолу менен колго түшүргөнбү? Ошентип бош калган акчалуу Сарай  айыл өкмөтүнө Матраимовдор кол баласы Замир Тургуновду дайындашкан. Таң калычтуусу  Замир Тургунов Тажикстандан наркотик менен, кийин мыйзамсыз пистолет алып жүргөндүгү үчүн ИИМдин үч кызматкери тарабынан колго түшүрүлгөн экен. Анын артын жабуу үчүн Матраимовдор ал үч сотрудникти үч жакка айдап, жогору жактагы ишенген кожолору аркылуу Замир Тургуновду актатып алышканбы?  Дегенибиз, 2016-жылы ошол убактагы ИИМ министри Жунушалиев коллегияда Бакир Таировду жана бир нече жетекчини иштей албай жаткандыгы үчүн иштен алуу боюнча чечим чыгарат. Бирок чечим күчүнө кирбей ордунда калган. Себеби Таиров ошондо эле ошол кездеги серый кардинал Илмиянов менен Матраимовдун көлөкөсүндөгү кадр эле. Ошентип Раимбек Матраимов артын тазалатуу үчүн, жогорудагы лөктөргө 1,5 млн доллар берип, кол баласы Бакир Таировду Каржы полициясына төрага кылып дайындатканбы?

Булак:Факты.кж гезити 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО