Бардык жаңылыктар

Путин Луганск жана Донецкидеги украиндерге орус жарандыгын берүүнү жеңилдетти

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын жашоочуларына орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен берүү тууралуу буйрукка кол койду.

Апрелдин соңунда өздөрүн Луганск жана Донецк элдик жумурияттары деп атаган жикчил аймактардын тургундарына да ушундай укук берилген.

Украина жана Батыш Москванын мындай кадамын жаңы президент Владимир Зеленскийге каршы чагым катары баалашкан. Киев андай жол менен берилген паспортторду мыйзамсыз деп эсептерин эскертип келет.

Ал эми Киевдин көзөмөлүндөгү райондорунда жашаган украиндер орус жарандыгын алгысы келсе Донбасстагы куралдуу кармаш башталган 2014-жылдын апрелине чейин сөз болгон эки облуста туруктуу жашаганын ырастаган документти көргөзүүгө тийиш.

17-июлда Зеленский Тышкы иштер министрлигине “дос өлкөлөрдөгү этникалык украиндерге” украин жарандыгын берүү механизмин иштеп чыгууну тапшырды.

БУУнун санактарына ылайык, Украинанын чыгышындагы жаңжалда 13 миңдей киши каза таап, 1,5 миллиондой киши жер которууга мажбур болгон.

Буга чейин Путин жеңилдетилген жол менен жарандык алууга укуктуу адамдардын тизмесине аннексияланган Крымда 2014-жылга чейин жашаган украиндерди, СССР убагында Орусияда төрөлгөн Ирак, Йемен, Сирия жана ооган жарандарын киргизген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО