Бардык жаңылыктар

Садыр ЖАПАРОВ, “Мекенчил” саясий партиясынын лидери: “Сооронбай Шарипович тарых кайталанаарын унутпашы керек”

- Садыр Нургожоевич, учурда Молдовановка айылындагы абактасыз. Кандай шартта кармалып жатасыз? 

- Кудайга шүгүр, кадимкидей эле, эл катары шартта кармалып жатам. 

- Адатта абакта жаткандар мемуар жазган, же кол өнөрчүлүктү өздөштүргөн, же дагы башка таланттары ачылган учурлар көп. Эки жылдан бери абактагы убактыңызды кантип өткөрүп жатасыз? 

- Туура айттыңыз. Мемуар жазгандан башка ишим деле жок. Убакыт көп, кенен. Көбүнчө китеп жазуу менен алек болуп олтурам. Кечкисин,күн салкындаганда ден соолукту чыңдап туруу үчүн футбол ойноп коёбуз. 

- Жакында Кыргызстандыктарга абактан кайрылуу жасадыңыз. Анда учурдагы өлкөдөгү курчуп бараткан абалды белгилеп, элди, айрыкча жаштарды сабырдуулукка чакырдыңыз. Абакта экениңизге карабай, элге кайрылганыңыз чын эле саясий абал оорлошуп жатканын билдиреби? Дегеле, саясатчы катары өлкөдөгү абалга кандай баа берээр элеңиз? 

- Ооба. Жакында кайрылуу жасадым. Гезит, теле, радиолордон жаңылыктарды үзбөй көрөм. Адвокаттарым, жакындарым келип турушат. Байкашымча,Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин кармашы күндөн-күнгө күчөп бара жаткандай. “Апрель”менен КТРКдан да байкаса болот муну. Бири-бирин ашкере шыбамай катуулап кетти. Экөөнүн тарапташтары экиге бөлүнүп, эмоцияга алдырып, бири-бири нэзэлки касдушмандардай болуп жектей башташты. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Тарыxты карасак,кыргыз бири-бири менен кырылышып жүрүп эле жерин алдырган, Кыргыз каганатын жок кылып алышкан, душмандарынан талкаланган, айтор, айтып олтурсаң арман көп. Анан да көп учурда тарыx кайталанат эмеспи. Бүгүнкү кырдаалда туш-тушубуздан жерлерибизди басып кирип жатышса, өлкөбүздү карыз кылып, эртең-бүрсүгүнү “көз карандысыздыгыңдан баш тартасың” деп, кекиртектеп турган учурда “түндүк-түштүк” деп бөлүнүү– бул өзү маңкуртчулуктун жеткен чеги эмеспи. Айрыкча,көпчүлүк жаштарыбыз ата-тегибиз ким экенин, кайдан экенин билбей эле, бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүшүп кетип жатышат экен. Бул туура эмес. Ошон үчүн “бөлүнбөгүлө, эртең бектер кетет, силер баягы эле бир-тууган болуп кала бересиңер!” деп кайрылуу жасадым. Андан көрө ушундай учурда болуп көрбөгөндөй ынтымакта бирмуштум болуп биригип туруш керек. Кимиси күнөөлүү болсо, сот алдында болбосо да, Кудай алдында жооп беришет. Баары мыйзамдуу жол менен кетиш керек. Мыйзамды тебелегендер да, алыс узабай эле жооп берип жатышат. Сооронбай Шарипович адилетсиздик кылса эртең өзү да жооп берчү күн бат эле келип калат. Ошондуктан, эч качан бөлүнбөш керек. "Бөлүнгөндү бөрү жейт" дейт. 

- Сиз дагы Атамбаев бийлигинин саясий куугунтугуна кабылган саясатчылардын бирисиз. Бирок, бийлик алмашкандан бери эки жылга жакындады. Мурунку бийликтин репрессияларынын бири да бошотула элек. Бул эмнеден улам деп ойлойсуз? 


- Ар бир келген президенттин, анын биртуугандарынын айлана-чөйрөсүнө,катуу айтсам кечиргиле "эки буттуу шакалдар" топтолуп алышат. Бирөө бутун сүртө калат, бирөө чачпагын көтөрөт дегендей. Анан ошолор бизге окшогондорду жамандап турушат. Бишкек кичинекей да. Бул башынан ышкырсаң, аркыбашына угулат. Мага да жетип атат,кимдер мени тынымсыз жамандап жатканы. “Булар чыкса, сизге баш оору болот. Сизге каршы чыгышат” деп кулак-мээсине куюп турушат. Ошон үчүн Текебаев, Чотонов, мени чыгарбай жатышат. Кечке эле адамдын кулагына куя берсе, “ии,чын экен”деп ишенет адам. Бирок,кийин өкүнүп калат. Алмазбек Атамбаевдей болуп. “Мен ишенчээк экенмин, тегерегиме "шакалдар" топтолуп алышып, мени адаштырып жүрүшүптүр” деп өкүнөөрү бышык. Тарыx кайталанат дайыма. СооронбайШарипович менен Асылбек ошону унутпашы керек. 

- Коомчулукта Сизди жакында абактан чыга турганыңыз тууралуу кеп-сөздөр кетүүдө. Кудай буйруп, эркиндикке чыксаңыз, абактан кийин сизди эмне күтүп турат? 

- Кудай буюрган күнү, эртеби-кечпи, түрмөдөн чыгам. Чыксам, кадимки эле эл катары жашоо уланат.

- 2020-жылкы парламенттик шайлоого сиздин партия катышабы? 


- Башка партиялар менен биригип, сөзсүз “мекенчилдер” парламенттик шайлоого катышат. Таза, прогрессивдүү, жаш “мекенчилдер” көп арабызда. Мурдатан тажрыйба топтоп, таза иштеген ага-эжелерибиз да бар. Баары тизме менен шайлоого барышат. 

- Алар кимдер, аттарын билсек болобу? 

- Жок, азырынча аттарын атабай турайын. Убагы келгенде ачыктайбыз. Себеби, мамлекеттик кызматтао лтургандар да бар. Аларды азыр “жеп” коюшат.

(маектин уландысы бар)
Динар Турдугулова
(Маекти алууга жардам берген адвокат Ш.Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз)


Булак:Азияньюс гезити


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады