Бардык жаңылыктар

МААНИЛҮҮ МАКАЛА - Дүйнөлүк банктын өкүлү: Сариев премьер-министр болуп турганда Кыргызстанда инвестициянын көлөмү жогору болгон!

Бишкекте Инвестициялык климат, туризмди өнүктүрүү багытында иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жергиликтүү менеджери К.Колберт Кыргызстанда акыркы үч жылда сырттан келген инвестициянын көлөмү кыйла түшүп кеткенин белгиледи. Анын айтымында өлкөдө сырттан келген инвестициялардын жогорку көрсөткүчү 2015-жылы болгонун, дал ушул жылы инвестициялык климат туруктуу болуп, өлкөнүн экономикасына 1,6 миллиард доллар киреше түшкөнүн кошумчалады.

Жогоруда айтылган жагдайларга саресеп сала турган болсок, 2015-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турган. Темир Сариев премьер-министр болуп дайындалган секунддан тартып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү, туруктуулукту камсыздоону жана инвестициялык климатты жөнгө салууну башкы максаты катары коюп, бул демилгелерди ишке ашырууга ыкчам киришкени баарына маалым. Темир Сариев ишкерлерге, ички жана тышкы инвесторлорго ылайыктуу шарт түзүп берип, алардын коопсуздугун камсыздоого жетишкен. Анын алкагында курулуш иштери үчүн бирдиктүү салык кызматын киргизген. Ал эми инвесторлорго, ишкана ачам деген ишкерлерге салыктары жеңилдетилген. Мындан тышкары ишкерлердин өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууда салык төлөөнү кыскартып, ишкерлерге алдыга умтулууга чоң стимул берилген. Темир Сариев башкарган өкмөттүн алгылыктуу реформалары, аткарган чоң долбоорлору азыр да элге кызмат кылууда. Тилекке каршы, Сариевдин чечкиндүүлүгү, иш билгилиги бийликтеги лөктөрдүн шаштысын алып, Темир Сариев саясий интриганын күч алышынан улам, кызматтан кетүүгө мажбур болгон. Темир Сариев кеткенден бери өлкөдө экономиканын, инвестициялык климаттын өсүшү кыйла төмөндөп кеткенин эл аралык эксперттердин айтып чыкканы кимдин-ким экенин айгинелеп жатпайбы...  “Жакшынын кадырын түштөн кийин билебиз” демекчи, иштейм деген инсанды убагында кадырлап алсак болмок да, туурабы? Азыр да кеч эмес...

Булак:Азияньюс гезити


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!