Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Унаа” мекемесиндеги корупциялык схеманы аныктады.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык схеманы түзүү менен ЕАЭБга мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизгени белгилүү болгон. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында коррупциялык схема менен алынып келинген “Лексус” жана “Шевроле” үлгүсүндөгү эки машина кармалды. Мамлекеттик каттоо кызматынын сеткасына ылайык өлкөгө кирген автоунааларды каттоо жана алып келүүдө 2 млн. 608 миң сом зыян келген. Учурда буга тиешеси бар тараптар жана аталган меекеменин кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.
2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болору айтылган.
Ушу тапта Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт
Бардык жаңылыктар
Тектеш кабарлар
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири Куш кабар // 23-05-2019, 13:57 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |
Маанилүү МАЕК - Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап калды” Маек // 22-03-2019, 15:27 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет Куш кабар // 12-03-2019, 14:53 |