Бардык жаңылыктар

АЛТЫН КОЛ: Академик Сабырбек Жумабеков дүйнөнү дүңгүрөттү!

Ушул жылдын  28-29 июнь күндөрү Москва шаарында 80 мамлекеттен 5000 киши катышкан чоң масштабдуу “Евразиялык Ортопеддер Форуму” болуп өттү. Аталган форумга Кыргызстандын атынан Академик, бүткүл дүйнөгө белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков катышты. Бул форумдун жүрүшүндө дүйнөлүк ортопеддер менен биргеликте операциялык жабдууларды, протездерди чыгарган жылдык   бюджети 60-62 миллиард долларды камтыган “DePuy Synthes” жана “ZIMMER BIOMET”  миллиардер компаниялары Академик Сабырбек Жумабековду медицинанын күзгүсү катары баалап, Лидер кылып алып чыгышты. Ага ылайык  Сабырбек Жумабеков сыйлуу  “президиумдан” орун алды. Аны менен кошо президиумга Россиянын жана Франциянын академиктери олтурду. Иш чаранын жүрүшүндө Сабырбек Жумабеков “муундарды алмаштыруу” боюнча илимий секциясын окуп, дүйнөнү дүңгүрөттү. Сабырбек Жумабеков мындай ийгиликтүү ары сыймыктуу кадамы менен Кыргызстандын медицинадагы аброюн дүйнөлүк аренада даңазалады. Анын алкагында жогорудагы ири компаниялардын каржылоосу менен жарыкка чыгып, дүйнөгө тараган абройлуу  “Opinion Leader” (Лидер Мнений”) эл аралык журналы “Евразиялык Ортопеддер Форумун” утурлай, акыркы санын Академик Сабырбек Жумабековго арнады. Журналдын бул санында Сабырбек Жумабековдун эмгектери, ачылыштары камтылып, бүткүл дүйнөгө таратылды. Баса белгилеп кетсек, жогорудагы ири компаниялар чыгарган жабдууларды Сабырбек Жумабеков операцияларга колдонуп, бул компаниялардын престижин арттырып жатканы талашсыз. Мактана кетчү жагдай, кыргыз уулу бүткүл дүйнөлүк ортопеддердин Лидери болуп дайындалганы ар-бир кыргыз үчүн жагымдуу жаңылык эмеспи?

Арийне, Сабырбек Жумабеков дайыма адамдардын эртеңкисин ойлоого, өзүнүн топтолгон тажрыйбасын мамлекетке жумшоого умтулат. Сабырбек Жумабеков элине кылган  ак эмгеги менен калк арасына  кадыры  сиңип чыныгы элдик уул болууга жетише алды.  “Элим” – деген инсанга эл да  татыктуу баасын берип  “элдик уул” – дешип  урмат-сый менен мамиле  кылышат. Кайрымдуулук иштеринде да активдүүлүгүн көрсөтүп, канчалаган адамдарга акысыз операция жасап, өмүрлөрүн сактап элдин ак батасына арзып келет. Андыктан, эли журту  менен, барандуу жумуштарды аткарып жаткан эл уулуна  дем берүү максатында  жакшы  сөзүбүздү аябайлы дедик. 

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!