Бардык жаңылыктар

Раиса Атамбаевнын чыныгы жүзүн эми көрдүк

Алмазбек Атамбаев 6 жыл президенттик кызматымда бир да тууганымды, жакынымды бийликке аралаштырган жокмун, кызматка алып келбедим деп мактанып калганын билебиз. Бирок ал президенттиктен кеткенден кийин минтип, үй-бүлөлүк режимди жакшынакай эле орнотконун билип, көрүп отурабыз. Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күндө билинди десек болот.
Мисалы, Атамбаевдик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, “коррупция” беренеси боюнча камакка алынган Манас Арабаев Раиса Атамбаевга каршы көрсөтмө берди. Анын айтымында, Раиса ага телефон чалып, ар кайсы буйруктарды берип турган. Раиса Атамбаева андан курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле Атамбаевдин жубайы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып жаткан Элвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүн.
Президенттик Аппараттын мурдагы кызматкерлеринин айтымында, Раиса Атамбаева уят-сыйытты жыйып коюп эле аларга ар кайсы буйруктар менен чала берчү. Анын ичинде жеке дагы, мамлекеттик дагы кызыкчылыктагы буйруктар бар. 
6 жылдан бери Атамбаев өзүнүн эч нерсеге аралашпаган, илим-билим менен алектенген жубайынын образы бир заматта талкаланды. АШАнын жакындары, туугандары, аялы, бала-чакасы жыкшынакай эле кыңыр иштерге аралашып жүрүшкөнү четинен чыга баштады. Дагы кандай катылган сырлар чыгаар экен деп күтө туралы? Кызыктын баары алдыда окшойт.
Бирок Атамбаевдин кланынын сүрөтү эми тартыла баштады – Раиса – Албек – Икрам – Сапар – Фарид. Булардын элди алдап, башын айланткан калптары, ашмалтайлары чыгып, эл караган беттери жер карамай болду. Ооба, дагы күтө туралы...

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат