Бардык жаңылыктар

Мекенге чын дили менен берилген Бакыт Төрөбаев!


"Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" - демекчи, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев саясатка аралашканы элге жакын болуп, берген убадасына бек туруп, аткаруу менен алек. Эл дагы Бакыт Төрөбаевдин бул сапатын баалап, ар-дайым колдоп келишет. Буга 2015-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоо далил. Бакыт Төрөбаев жаш саясатчылардын күзгүсү катары өзүн көрсөтө алды. Алсак, 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанып жатканда "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы башка партиялардан айрымаланып алгылыктуу программаларын элге сунуштап, айрымдарын парламенттик шайлоого чейин эле аткарууга үлгүргөн. Бул кадамы менен карапайым калктын ишенимине ээ болуп, партия парламенттен орун алууга жетишти. Албетте, көп учурда партиялар "эшеги суудан өткөн соң" берген убадаларын танып, куйруктарын түйүп кетет эмеспи, эртеңки күнүн унутуп. Алардан айрымаланган Бакыт Төрөбаев парламентке келгени элге берген убадаларын, партиянын алдыга койгон программаларын аткаруу менен алек. 

Мисалы, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы карапайым калктын, шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо багытында "Жарык шаар" долбоорун алып чыккан. Бул долбоорду партия парламентке келбей туруп эле Бишкек шаарында ийгиликтүү ишке ашыра баштаган.

Кийин, "Өнүгүү-Прогресс" партиясы парламентке келген соң, “Жарык шаар” долбоору боюнча атайы токтом долбоорун даярдап, ага ылайык жергиликтүү бийлик милдеттүү түрдө ар бир үйдүн короосун жарыктандыруу иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилген.

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын жарык шаар долбоору, 200 000 адамды өзүнө камтый алды (Бишкек шаардын өзүнө эле 2026 подьезге орнотулган). Бишкек шаардык кеңешинин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттарынын демилгеси менен, Бишкек шаардык мэриясы негизги көчөлөрдү жарыктандырууга киришип, ага бөлүнүүчү бюджетти үч эсеге көбөйтүүгө жетишти. Бүгүнкү күндө жарык шаар долбоору бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн чоң шаарларында дагы ийгиликтүү иштеп жатат.



Белгилей кетсек, «Жарык шаар» долбоору «Өнүгүү-Прогресс » партиясы тарабынан 2015-жылдан бери Кыргызстандын 14 шаарында ишке ашып жатат.

Албетте, акыркы жылдары парламенттик шайлоолор соодага айланып, карапайым калк арзыбаган тыйынга азгырылып, өлкөнүн келечегин сатып жиберип жатканын кайда катабыз. Кийинки шайлоолордо мындай терс көрүнүштөрдүн алдын-алып, жаштардын келечегин, өлкөнүн тагдырын акчага баалабастан, татыктуу партияларга добуш бергенибиз абзел. Бирок соңку кездер баарын ордуна коюп келе жатат, аксаган экономика коомчулуктун көңүлүн буруп, иш билги лидерге суусап турганын аныктап койду. "Бара- бара көсөм болот" демекчи, элдин көзү ачылып, куру убадасы менен эмес, татыктуу иши менен көрүнгөн лидерди, партияны тандоо учурдун талабы экенин түшүнүп жатышат. Учурда жогорудагы талаптарга ылайык, элге жакын лидер Бакыт Төрөбаев экенин турмуш өзү тастыктап жатат...

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат