Бардык жаңылыктар

Жээнбеков менен Атамбаевдин айрымасы. Кимиси элге жакын болду?

Атамбаевдин алты жылдык башкаруусунда кандай гана окуялар орун алган жок. Атамбаев коррупция менен алектенип тим болбостон, саясий оппоненттерин баш, карапайым калкты төш кылып мазактаганга чейин барганы баарына маалым. Таң калычтуусу Атамбаев алды жыл ичинде мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу мааракелерге барбаганы кандай? Анысы аз келгенсип региондорго бараарда, жергилитүү бийлик анын аппаратынан атайын тапшырма алып, жолдорду тазалап, атайын даярдалган дүжүрлөрдүн жоон тобун жолугушууга автобустар менен алып келгени баарына эле маалым. Анан ооз ачпаган дүжүрлөрдүн алдына чыгып алып, Атамбаев оозуна келгенди оттоп, тургундарды боктоп балп этип жатып калчу. Ал гана эмес Таласка барганда драм театрга баягы эле дүжүрлөрдү жыйнап, кол телефондорун чогултуруп алып, анан жолугушууга келген. Кээ  бир маалыматтарда ошол жолугушуусунда "Таласты Казакстанга кошуп жиберем" - деп балп эткенин айтып жүрүшөт.

Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевден айрымаланып, ал салып кеткен кыйшык жолду түздөп, ашмалтайы чыккан экономиканы баткактан чыгаруу менен алек. Андан тышкары, Атамбаевдин коррупциялык системасынын ойронун чыгарып, АШАнын уурулардан турган тобун камакка алып, колго чапты. Бул бир.

Экинчиден, Сооронбай Жээнбеков кайсы жерге барбасын, жергиликтүү бийликке элди топтоодо эркиндик берүү талабын коюп, карапайым калк менен ачык баарлашып, элге жакын экенин далилдеп жатат. Албетте, ал жерге Жээнбековдун саясатын колдобогондору да келүүдө, бирок өзүнүн тазалыгына ишенген Жээнбеков кандай суроо берилбесин, кандай сын айтылбасын баарын түшүнүү менен кабыл алып, карапайым калктын көйгөйлөрүн жеринен угуп, аларды ыкчам чечүү менен алек. 

Баса, жакында эле Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракесине президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков келип жакшынакай катышып кетти. Ал жерден дагы эл менен баарлашып, спорттук иш чарага катышып элге жакын экенин дагы бир ирет далилдеп койду. Жээнбековдун  Атамбаевден айрымасы элге жакындыгы менен айрымаланып турат. Албетте, өзүнүн тазалыгына ишенген адамдын жүзү ар-дайым жарык болуп, эл арасында башын тик көтөрүп алып жүрүүгө өбөлгө түзөт эмеспи...

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат