Бардык жаңылыктар

ЖОРА СУЛАЙМАНОВ – И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ

Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин 1944-жылдын 15-декабрынын №825 Токтомунун жана Кыргыз ССРинин Кызыл профессорлор институтунун 1945-жылдын 19-январынын №11-буйругунун негизинде Кыз-келиндер педагогикалык училищасы, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1950-жылдын 24-октябрындагы №811 Токтомуна ылайык, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык училищасы мугалимдер институтуна, СССРдин Министрлер Советинин 1952-жылдын 22-июлундагы №18552/ри Буйрутмасына жана Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1952-жылдын 5-июлундагы №805 Токтомуна ылайык, 1952-жылдын 1-сентябрынан баштап, мугалимдер институтунун базасында Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 23-июлундагы Указы менен В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институту И.Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык институтуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 23-июнундагы №307 Токтому менен И.Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетине, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-мартындагы Указына ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети болуп түзүлгөн жогорку окуу жайы азыркы учурда 11 миңден ашуун студенттерди окутуп, жыл сайын 2 миңден ашуун, көбүнчө педагогикалык багыттагы адистерди чыгарып келе жатат.

Университет жалаң гана билим берүүчүлүк, агартуучулук ишмердүүлүктөрдү жүргүзбөстөн илимий-изилдөө иштерине дагы активдүү киришип жатышкандыгы университеттин алдында түзүлгөн 7 адистештирилген кеңештин үзүрлүү иштеп жатышы айкын болуп бере алат. Эл аралык байланыштар дагы таасын жолдорго коюлуп, алар менен бирдикте тажрыйба алмашуу, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу, академиялык мобилдүүлүктөрдү жүргүзүү, ошондой эле түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу иштери аткарылып келет.

Коомдогу көйгөйлөрдөн да четте калбай университеттин профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер өздөрүнүн пикирлерин массалык-маалымат

каражаттарына дембе-дем берип келишет. Мына ушул багытта университеттин жоон топ өкүлдөрү Төлөбек Абдырахманов, Тууганбай Коңурбаев, Эгемберди Маанаев, Сыртбай Мусаев, Октябрь Капалбаев, Абдил Шерматов, Досалы Иманбердиев, Нурбек Туран, Жайна Садыкбекова, Азамат Айдаров ж.б. «Ачык сөз» коомдук маалыматтык гезитине саясий жана тарыхый-маданий багыттагы макалаларын тынымсыз жарыялап келе жатышат.

Чындыгында эле азыркы учурда гезиттин түрлөрү өтө көп. Бирок кеп анысында эмес. Себеби жазылган, тартылган, чыгарылган нерселердин өзүнүн окурманы, көрөрманы жана угарманы табыла берет. Ошондой болсо дагы коомдун бардык катмары кызыгып, күтүп окуган гезиттер аздап саналат. Айрыкча, академиялык чөйрөнү өзүнө тарткан жаңы изилдөөлөр, жаңы табылгалар гезиттин беттерине көп учурда берилбей келет. Анын ордуна «пулу» төлөнгөн, жамалып-жасталган, бирөөлөрдү мактаган же каралаган «билдирүүлөргө» гезит беттери толуп кеткен.

Ал эми «Ачык сөз» гезитинин башкы редактору Жора Сулайманов И.Арабаев университетинин окутуучуларынын гана макалаларын эмес, Улуттук илимдер академиясынын, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин ж.б. окуу жайлардын кызматкерлеринин дагы макалаларын чыгарып, аларга аянт түзүп берип, үндөрүн жеткизип келет. Мунун өзү гезит жалаң гана маалымат менен камсыз кылууну мойнуна албастан, агартуучулук миссиясын дагы аркалап келе жатат дегенди түшүндүрөт.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети «Ачык сөз» гезитинин башкы редактору Жора Сулаймановду университеттин коомдук-маданий абалына кошкон салымын жогору баалап, Окумуштуулар кеңешинин чечими менен университеттин «Ардактуу профессору» наамын ыйгарышты. Ошондой эле университеттин жамааты Жора Сулаймановго бекем ден соолукту, кажыбас кайратты, майтарылбас эркти, чыгармачылык ийгиликтерди кааларын билдирет.

Булак:Ачык сөз гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО
Видео // 15:51
ВИДЕО - Бекназаров учурдагы саясий чыңалуу боюнча Атамбаевге КАЙРЫЛДЫ...