Бардык жаңылыктар

Ар ким өзүнүн ишин аткарсын

Куудулдар да теле алып баруучулукту жөндөй баштаганына кандай карайсыз бурадар? Мына НТС те алып баруучулукту куудул Борончу Кудайбергенов улантып келатат. Анын каармандары саясатчылар эмес, өзүнө жакын-ырчылар, куудулдар, сахна чеберлери. Ошондуктан Бокең анча кыйналбай, кысталбай эле теле берүүнү чырайына чыгарып койду.

Ал эми жакындан бери дагы бир куудул-Абдылда Иманкулов болсо саясатка басым жасалган берүүнү алып бара баштады. Арийне, өзүнүн көйнөгүнө сиңимдүү каарман чакырылса го ары калчап, бери калчап каалаганын ишке ашырып алат. Муну баш жагындагы алып баруудан көрдүк. Тилекке каршы Азимбек Бекназаровдой бетке чабар, аргументин так келтирип, керек болсо далилдүү кагазын кошо салып алгандардын мурдуна чүлүк салыш албетте оңойго турбайт. Негизи сахна менен теленин ичи окшош эмес да? Анын үстүнө бүйүр кызыткан суроолордун тегерегинде баарлашуунун өзү опурталдуу. Муну саясий теманы, дебатт арды алып барып жүргөндөр жакындан

билишет. Демек, касапчы малын сойсун, ырчы ырын сахнада аткарып көрүүчүлөрдү эргитсин, саясатчы өз ишмердүүлүгүн жүргүзсүн деп чекит койгонго туура келет. Сөз төркүнүн түшүнүүнүн өзү эрдик катары эсептелет, же ашыкча жери барбы?

Булак:Ачык сөз гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат