Бардык жаңылыктар

Кооптуу билдирүү...

“Ата Мекен” партиясынын белдүү лидери, көрүнүктүү мүчөлөрү азыр “шалтурук” абалда болуп турушканын коомчулукта кызуу талкуулап жатышкан кези. Анткени партиянын баштыгы Өмүрбек Текебаевдин акталышына кызыктар тарапташтарынын деми сууп жатты улам-улам. Мына боштондукка чыгат дешкени менен үмүттөрүн соттор жалп этип өчүрүп салышат кебелбестен. Аида Салянованын камалышына да ичтери оорунуп жатканы ачык сезилүүдө.

Бир кезде президенттикке жарайт деп сыпатталган Салянованын тагдыры чоң сыноого туш болду. Себеби, анын чыгышына тоскоол болгондор да “билектери жүндүү” кишилер экени айныксыз. Алар келме-кезек деген принципти карманууга бет алышканы байкалып калган эбак эле.

Эгерде беш күндөн кийин болуучу сотто Текебаевге эркиндик берилбесе биздин партия оппозицияга өтөт деген кооптуу кабарды Асия Сасыкбаева элге таратты. Бул акыйкатта бийликти ойлондурчу жаңылык. Мындай баш чайкаткан маселеге соттордун да кабак-кашы түйүлүүдө. Анткени кырдаалдан чыгуунун жолу абдан катаал болуп турат. Бошотсо да, бошотпосо да чыңалуулар болору шексиз. Ошентип 120 саатта маанилүү иштин өңүтүн чечүүнүн жол-жобосун табуу кажет. Кандай кылышар экен деген суроо көпчүлүктүн канын дүргүткөнү айтпаса да түшүнүктүү…

Булак:Ачык сөз гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО
Видео // 15:51
ВИДЕО - Бекназаров учурдагы саясий чыңалуу боюнча Атамбаевге КАЙРЫЛДЫ...