Бардык жаңылыктар

Арыстагы ок-дары сакталган кампага атайылап өрт коюлган болушу мүмкүн

Казакстандын тергөө органдары тарабынан Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы өрттүн чыгышынын бир канча версиясы, анын ичинде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу жана атайын өрт коюу версиясы каралууда. Бул тууралуу 10-июлда өлкөнүн коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдирди.

«Укук коргоо органдары тергөө иштеринин алкагында бардык ыктымал версияларды караштырууда. Алардын арасында адам фактору, өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу, шалакылык жана техникалык себептер бар. Булардан тышкары атайын өрт коюу же диверсия версиялары дагы каралууда», — деди министри.

Ермекбаев өрттүн кесепеттерин жоюу иштери кеминде дагы бир ай улана турганын кошумчалады.

Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампада өрт 24-июнда эртең менен тутанган. Анын жыйынтыгында эки аскер кызматкери жана бир жергиликтүү тургун мерт болгон. Мындан тышкары 400дөн ашык киши медициналык жардам сурап кайрылса, ондогон адам ооруканаларга жаткырылган.

Бийлик өткөн жумада турак үйлөрдүн 85 пайызы зыянга учураган шаарды калыбына келтирүү үчүн ондогон миллиард теңге талап кылынарын билдирген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат