Бардык жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн иш-аракети менен туугандары дайынсыз жоголду деп издеп жүрүшкөн жаран табылды

2019-жылдын 30-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия 
Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ыкчам байланышына Кыргыз Республикасынын 
жараны, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жыйырма сегиз жаштагы К.К. 
аттуу тургуну дайынсыз жоголгон 1998-жылы туулган С.Э. аттуу тууганын 
табууга жардам берүүнү суранып кайрылган. Маалым болгондой, дайынсыз 
жолголду делген кыз ушул жылдын апрель айында Россияга келген жана 
Москва шаарында иштеп жүргөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышы 
үзүлгөн.
Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тууганына Россия Федерациясынын 
мыйзамына ылайык Москва шаарынын аймагында дайынсыз жоголгон тууганын 
кандай жолдор менен издөөнү уюштуруу керектиги боюнча түшүндүрмө 
берилген. Туугандары тарабынан өз алдынча издөө оң жыйынтык бербеген 
соң, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1978-жылы туулган А.К. аттуу 
жаран (дайынсыз жоголгон кыздын энеси) Москва шаарына учуп келип, Кыргыз 
Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылган.
Өкүлчүлүктин кийлигишүүсү менен Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча 
бөлүмүнүн аймактык түзүмү тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын кайда 
экендигин тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көрүлгөн 
тиешелүү чаралардын натыйжасында дайынсыз жоголгон С.Э. аттуу кыз 
Москвада табылган. Ал өзүнүн түшүндүрмөсүндө Москвага акча каражатын 
табуу максатында иштегени келгендигин, ал эми уюлдук телефонун жоготуп 
алгандыгы үчүн туугандары менен байланышпай калгандыгын, кийинчерээк 
жашаган жерин алмаштырып, өзү кайда жүргөндүгү жөнүндө маалымдаганы 
жетишпей калгандыгын билдирген.
Андан соң, туугандар мекенине кайтууну чечишкен, анткени С.Э. аттуунун 
жашы жете элек кызы бар болгондуктан энеси менен Бишкекке учуп келди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО
Видео // 15:51
ВИДЕО - Бекназаров учурдагы саясий чыңалуу боюнча Атамбаевге КАЙРЫЛДЫ...