Бардык жаңылыктар

Сурактан качкан Атамбаевге мыйзамды тебелетелиби?

Мурдагы президент Атамбаевге күбө катары алгачкы суракка чакыруу кагазы келди. Ал 9-июлда ИИМдин Тергөө башкармалыгында болушу керек. Азырынча аны кайсыл иш боюнча суракка алышаары так белгисиз. Бирок, божомолубуз боюнча Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгып кеткени боюнча сурак болушу мүмкүн. Себеби, дал ушул кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жатпайбы. 
Чакыруу кагазынын келгенине Атамбаев коомчулук күтүп жаткандай эле реакция жасады. «Эч жакка барбайм, бийлик укук талаасынан чыгып кетти, Жээнбеков жана Матраимовдордун ойдон чыгарылган түшүнүгү менен жашап атышат» деген сыяктуу өзүнүн оюнан токуган сөздөрүн айтты. 
«Алар Конституцияны бузуп жатышат. Эгерде кандайдыр бир суроолору болсо, анда аларды түз эле Слесарев Сергей Михайловичке жолдой беришсе болот. Мен өзүм эч кандай кагазды колума да албайм. Бүгүн бул бийлик эмес. Мен алардын циркинде ойногум келбейт», - деди Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. 
Алдыда эмне болушу мүмкүн?
Атамбаевди азырынча күбө катары гана чакырышты. Мыйзам боюнча күбө олуттуу себепсиз келбесе, анда аны мажбурлап алып келүү керек болот. Мажбурлап алып келүү кандай көрүнөөрүн азырынча боолголоого гана болот. 
Эске сала кетсек, Атамбаев «Эгерде мени мажбурлап алып кете турган болушса, анда курал колдоном» деген болчу. Азыр анын Кой-Таштагы резиденциясында чогулган эл жок. Эл кайра чогулушу мүмкүн деген вариантты да жокко чыгарууга болбойт. Бирок, ал бийликтин ким болсо дагы ага карата мыйзамдуу аракет жасоосуна тоскоолдук болбошу керек. Атамбаев кандайдыр бир деңгээлде өзүн өзгөчөдөй сезүүдө, бирок ага эч кандай негиз жок, себеби анда эми кол тийбестик деген жок эмеспи. Ал эми анын «бийлик укук талаасынан чыгып кетти», «бул оюнга аралашпайм» деген түшүнүктөрү болгону сөз гана. 
Эмнеге мурдагы президент бийликти өзүнө карата чечкиндүү кадамдарга түрткөн сценарийди тандап алганын айтуу кыйын. Анын бул аракеттери өзүнө эч кандай деле кадыр-барк алып келбейт. Тескерисинче. Кадыр-баркын кетирүүдө. Интернеттин социалдык түйүндөрүндөгү Атамбаевдин айланасындагы окуяларга карата комментарийлерди окуй турган болсок, анда аны колдогондорго караганда сындагандар алдаканча көп экенин байкоого болот. «Эркек бол!», «Эгерде мыйзам алдында таза болсоң, анда сотто далилде!» деген сыяктуу пикирлер арбын. Анан дагы алар Атамбаевдин өзүнүн убагындагы укук бузууларды, саясий куугунтуктарды эсине салгылары келет. 
Божомолдор
Окуянын өнүгүшүнүн бир нече варианты бар. 
Биринчиси, Атамбаев акылына келип, өзүнүн чындыгын сот аркылуу далилдөө жолуна түшөт. Ал тергөө органдарынын биринчи талабы боюнча эле бардык сурактарга барып, жакшы адвокаттарды жалдап жана ММКда саясий куугунтук деген теманы активдүү жүргүзөт. Бардык сурактарда жана соттордо аны колдогон топтор кошо жүрөт. 
Экинчиси, тергөө органдарынын чакыруусунан баш тартып, өзүнүн Кой-Таштагы резиденциясынан чыкпай жата берет. Тергөөчүлөр көрсөтмө алыш үчүн анын хансарайына келишет, жыйынтыгында баары би раны мажбурлап алып кетүүгө туура келет. Кой-Ташта бул окуяга кызыккандар жана аны аягындар чогулат. Бирок, бийликке каршы турган масса болбойт. Анын тарапташтары ММК жана социалдык түйүндөр аркылуу колдоону активдештиришет. Бирок, Атамбаевди колдоо акциялары реалдуулукта ишке ашпайт. Эгерде аны камакка алышса, анда көп убакыт өтпөй эле ал тууралуу азыр Сапар Исаков боюнча айтып жаткандай эле билдирип калышат. 
Үчүнчүсү, Атамбаев тергөөнүн чакыруусуна баруудан баш тартууну уланта берет жана балким элди кайрадан чогултуу аракетин баштайт. Бийлик күч колдонуп, Атамбаев темир тор артында отуруп калат. Алгачкы убакыттарда бул ММКнын башкы темасы болот. Тарапташтары митингге жана каршылык акцияларына чыгат. Бирок, каршылык көрсөтүүлөр локалдуу жана аз сандагы адамдардын катышуусунда болот. Анан бара-бара ал жөнөкөй эле жаңылыктардын катарына түшүп калат. 
Кандай сценарий болсо да Атамбаев темасы башка жаңы маалыматтык шылтоо табылмайынча актуалдуу боло берет. Эгерде конституциялык реформа, өкмөттүн отставкасы сыяктуу жаңы темалар чыкса, актуалдуулугун жоготот. Ал эми Кыргызстандан тышкары башка мамлекеттерде Атамбаев кызыкчылыкты жоготконуна көп болду. Андыктан бул темага кызыккандар деле болбойт. АША КМШ айдыңындагы мурдагы президенттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканы боюнча биринчиси эмес.

Булак: ФБ

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО
Видео // 15:51
ВИДЕО - Бекназаров учурдагы саясий чыңалуу боюнча Атамбаевге КАЙРЫЛДЫ...