Бардык жаңылыктар

Таалайкүл Сейитбекова, живопись-сүрɵтчү: «Негизи сүрɵттү илим менен айкалыштырып караш керек»

Искусство адамдары ɵзүнчɵ бир дүйнɵ. Алардын коомду сезүүсү, табияттан таасирленүүсү, деги эле жашоосу дагы жɵнɵкɵй адамдарга караганда ɵзгɵчɵ. Бүгүн жаш сүрɵтчү Таалайкүл Сейитбекова менен жакындан тааныштык. Сүрɵтчүлɵр жана сүрɵт тууралуу маек назарыңыздарда.  

--Таалайгүл, кайсы курактан баштап сүрɵт тартып баштадың эле?

--Сүрɵт тартууга бала кезден кызыгып келем. 4-класстан баштап сүрɵт тартуу менен олуттуу алек болуп баштадым. Мендеги шыкты мектептеги сүрɵтчү Эсенаман агайым байкаганан экен. Ошентип шыгымды андан ары улантып агайдын колунда акварель стилинде сабак алдым. Окуп жүргɵн кезде «Жаш таланттар» аттуу сынакта жеңүүчү болуп, республикага чейин келдим. Кийин 9-классты аяктаган соң С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик кɵркɵм-сүрɵт окуу жайын ийгиликтүү бүтүрдүм. 

--Сүрɵтчүлүк талант сага кимден ɵткɵн деп ойлойсуң?

--Сүрɵткɵ болгон ышкыбоздугум туугандардан эле ɵтсɵ керек. Себеби атам, апам жактар баары чыгармачыл кишилер болгон. Ата тегим жак колу жɵндɵмдүү уста болсо, ɵзүмдүн апам ыр чыгарып, калем кармап чиймелей коймою бар. Тайларым да чыгармачыл кишилер. Иним Темирлан Сейитбеков калемгер. Буюрса жаш акындардын катарын толуктап келе жатат. Айтор каныбызда бар десем жаңылышпайм. 

--Азыркы учурда эмне менен алексиң?

--Ɵзүм сүрɵттүн анатомия бɵлүмүн бүтүргɵм. Азыркы учурда сүрɵт тартуу менен алекмин. Буюртмалар менен иштейм. 

--Сүрɵттүн кайсы багытында иштеген жагат?

--Мен сүрɵттүн баардык бɵлүмүн таанып окудум. Пейзаж, портрет баардыгын тарта берем. Бирок кандай эмгек же чоң композиция болбосун жылкы баласын же жылкынын ɵзүн тартканды жактырам. Ал үчүн жылкынын психологиясын, анатомиясын бүт изилдеп чыккам. Негизи сүрɵттү илим менен айкалыштырып караш керек. Геометриялык жана анатомиялык жактан ɵлчɵмдɵрүн так берсең сүрɵттүн кɵркү жакшы ачылат. 

--Кандайдыр бир картинаны жаратуу үчүн бир нерседен таасирленүү керекпи же кандай учурда эргүү келет?

--Негизи чыгармачыл адамдар эргүү (илхом) менен жашайбыз. Эргүү күтɵбүз дегендей. Анын сыңарындай кандайдыр бир чыгарманы жаратуу тууралуу идея ар кандай учурда келиши мүмкүн. Жакшы адамдар менен баарлашуудан, табияттын кооздугунан таасирленем. Мурда такыр кол бошобой тиричилик менен алек болуп атканда ар кандай ойлор келип, бирок ишке алаксып ал ойлорду кагазга түшүрүүгɵ үлгүрбɵй калчумун. Азыр ошондой учурларды пайдаланууну үйрɵнүп жатам. Мага илхом кɵп учурда жан дүйнɵм, айлана-чɵйрɵм тынч болгон учурда кɵп келет. 

--Сүрɵтчү катары айта кетсең, канча ɵң-түс колдоносуң?

--Жашоодо 3-4 негизги түс бар эмеспи. Аларды колдонуп деле картина жаратуу мүмкүн. Бирок мен ɵңдɵрдɵн ɵңдɵрдү чыгарууну жакшы кɵрɵм. Боекторду бири-бирине айкалыштырып отуруп, ɵзүм кɵрүп турган ɵңдү берүүгɵ аракет жасайм. 200гɵ чукул ɵң чыгарса болот. Сүрɵтчүнүн басым жасаган ɵңү аркылуу анын жан дүйнɵсүнүн абалын байкоого болот.

--Дүйнɵлүк белгилүү сүрɵтчүлɵрдүн белгилүү картиналары укмуштуудай баада сатылаарын билебиз. Кыргыз сүрɵтчүлɵрүнүн эмгектери качан ошондой деңгээлге чыгат деп ойлойсуң?

--Дүйнɵлүк картиналардын баасынын жогору болушуна искусство таанучулардын ролу, эмгеги ɵтɵ чоң. Мисалы бир картинаны аукционго койоордо алар ал сүрɵтчүнү картинасы менен кошо аябай пиарлашат, жарнамалашат. Бул бир себеби деп ойлойм. Дүйнɵлүк картиналар колдон колго ɵткɵн сайын анын жаралуу тарыхы табышмакталып, катылып баштайт. Анын чечилүү түйүнү оорлогон сайын баасы дагы ɵсɵ берет. Ал эми бизде азыркы учурда Совет доорунда тартылган картиналардын баасы ɵтɵ бийик, аз санда болгондуктан музейлерде сакталууда.

--Кыргызстанда сүрɵтчүлүк менен жан багууга болобу?

--Жан багууга болот. Азыр ɵмүрүн сүрɵтчүлүккɵ арнап, нанын ошол тармактан таап жеген ага-эжелерибиз бар. Мен да ошолордун катарына кирем десем болот. 

Назгүл Исакова
Булак:Де-Факто гезити


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО
Видео // 15:51
ВИДЕО - Бекназаров учурдагы саясий чыңалуу боюнча Атамбаевге КАЙРЫЛДЫ...