Бардык жаңылыктар

Нурболот Мирзахмедов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри: “Ата-энелерди балдарга сак болууга чакырам”

Министр маек!


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде дайымкыдай иш єтє кєп. Сууга чөгүп кеткендер, кырсыктагандар, өрт чалгандар, кыскасы тыным жок. Мына ушул тынымы жок министрликтин түзүлгөнүнө быйыл туптуура 28 болду. Юбилейдин урматына министрди кепке тартып бир нече суроого жооп алдык. 


--Нурболот Сабиржанович, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнө быйыл 28 жыл болду. Бул күндү кандай белгиледиңиздер? 


--1991-жылдын 1-июлунда биздин министрлик түзүлгөн. Демек өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнө быйыл туптуура 28 жыл болду. Бул саамалыкты абдан жакшы белгилеп алдык. Президентибиз дагы өзүнүн куттуктоосун жибериптир. Юридикалык каттообуз Ош шаарында болгондуктан иш чарабызды Ош шаарында өткөрдүк. Майрамыбызды жакшы белгилеп, тийиштүү кызматкерлерибизге белектерди, сыйлыктарды бердик. Юридикалык дарегибиз Ошто болгону менен Бишкек шаарында дагы иш алып барабыз. Өкмөт менен иштешкен кызматкерлер борбор калаадагы имаратыбызда олтурушат. Ал эми Ошто офицерлер, өзгөчө кырдаал жаралганда алдын алууда иштегендер, жашап иштеп, суу дамбаларды коргогон ишканабыз жайгашкан. 


--Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жылыңыздар оор болуп жатат окшойт....

--Жок, тескерисинче кырсык аз болуп, чыгымдар азыраак болууда. Былтыр бул маалда 86 өзгөчө кырдаал катталып, орточо эсеп менен 1 миллиард 142 миллион сом чыгаша болсок, быйылкы 22 өзгөчө кырдаалдар катталып, 89 миллион сом чыгым болду. Бул сумма дагы азыраак болмок. Жалал-Абад шаарында күйүп кеткен нефти база, жана эки чоң авто кырсыктын айынан чыгымдар көбөйүп кетти. Өрт кырсыгы боюнча былтыр 1709 иш катталса, быйыл 1356 өрт кесепетин жойдук. Былтыркыга салыштырмалуу өрт кырсыгы 20% кыскарды. Колдон келишинче өрттүн алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Ал жакта кемчилдиктер бар, аны мойнубузга алабыз.


--Мисалы кандай кемчиликтер?


--Эл көбүнчө биздин техникалардын эскилигине, суунун аз болуп калганына нааразы болушат. Учурда Кытайдан 100 техника алалы деп сүйлөшүа жатабыз. Айта кетчү нерсе былтыр куткаруучулар үчүн 22 машинаны өкмөт биздин колубузга тапшырган. Ал машиналардын баардыгы трассаларга коюлган. Анын ичинде 14 миң долларлык жабдуулары бар. Кудай сактасын бирок кырсык болуп кетсе машинаны кесип адамдарды чыгарып кетебиз. Кыскартып айтканда баардык кырсыктардын учурунда биздин адамдар жардам көрсөтө алышат. Эми буйруса өрт кырсыгын алдын ала турган машиналарды алсак, техникалык абалыбыз бир топ жөнгө салынат. Өрт катталганда ошол аймакта гидранттардын, айрым мекемелердин кырсыкты алдын-алуу иштеринин жоктугунан улам бизге кыйынчылык жаралууда. Көпчүлүк эл өрт өчүрүүчү машиналар барганда суусу аз экен, же өрт өчүрүүчү көбүктөрү жок келишти деген маселени айтышат. Чоң нефти базалар күйгөндө аларды өчүрө турган көбүктөр бизде болбойт. Мыйзам боюнча көбүктөр ар бир нефти базанын өзүндө кармалат жана өрт башталганда биз барып көбүктөрдү колдонуп өчүрүп беришибиз керек. Бул талаптар көптөгөн нефти базаларда сакталбай калат. Шаардын ичинде батирлер өрттөнүп кетсе гидро кызматкерлеринин жоктугунан баардык түйшүктү биз тартып калабыз. Бишкек менен Ош шаарларында өрт чыгып калса мэриянын гидро кызматкерлери ӨКМнын машиналары менен кошо барып суу менен камсыз кылып турушат. Мисалы биздин машиналарга көп болсо 4 тонна суу батат. 4 тонна суу беш минутта түгөнөт. Кайра кайрылып барып суу алып келгенче өрт алоолонуп кетет. Ар бир айылдын же мекеменин гидро кызматкерлери кырсык учурунда бизди суу менен камсыз кылышса, өрттү батыраак өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болмок. Ал эми айыл жерлердинде болсо нааразычылыктар аябай көп. Биздин машиналар барганда суу бат түгөнүп калса суусу жок келишиптир дешет. Кечээ жакында эле айылдардан эки-үч жерде өрт катталды. Сууну кээ бир жерлерден бир чакырым жолдон ташып келебиз. Машинабыз бир чакырымга барып келгенче өрттүн көлөмү чоңоюп кетет. Ар бир айыл өкмөттө суу ташып бере турган машиналар болсо сонун болмок. Биз дал ушул пландын негизинде ар бир айыл өкмөтүнө КАМАЗ машиналарды коюууну пландап жатабыз. Алар алты тоннага чейин сууну камсыздап беришет. Бул да болсо өрттү эртерээк өчүрүүнүн айласы. 


--Жазгы, жайкы селдердин алдын алуу иштери жүрдү беле? Эл жашаган аймактарда коркунуч жокпу? 


--Жазга маалы дайыма элге чоң чыгымды сел алып келет. Быйылкы жылы селдер болуп жатты, бирок чыгымга учураган жокпуз. Каналдарды убагында тазалап, элди кырсыктан сактап калганга жетише алдык. Кырсыктарды алдын алуу иштери боюнча майда иштерден 500 миң, чоң капиталдык курулуштардан 20 обьекти бүттүк. Жайдын аптабынан улам кардын эриши боюнча көлдөрдүн деңиз деңгээли көтөрүлүп кеттүү коркунучу бар. Биздин адистер баардык кооптуу аймактарда иштеп жатышат. Эгер коркунуч жаралса алдын ала алабыз. Калкыбыз кооптонбой эле жашоосун уланта берсе болот.


--Коопттуу аймактардагы көчкүлөрдү аттырып түшүрүп салса болбойбу?


--Өзгөн шаарына караштуу Токтогул жана Сузак району караштуу Ачы деген айылдарда жазга маалы көчө турган көчкүнү элге зыяны тийбегидей кылып жок кылсак болот экен. Бул проектинин үстүндө азыр атайын кызматкерлер иштешүүдө. Ушул экөөнү жок кылып койсок буйруса өлкөнүн аймагында кооптуу аймактар жок болот. Жаз келди дегиче ушул эки аймакты карап кырсык болуп кетпесе экен деп тилеп, адамдарды чыгаруунун аракетин жасайбыз. 


--Бүгүнкү күндө сууга чөгүп каза тапкандар көбөйдү. Айрым адамдар сиздерди түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жок дегенде “балдарды карагыла”-деген сыякттуу смстерди жиберишсе болмок деп жатышат. Муну туура кабыл аласыздарбы? 


--Єтє єкїнїчтїїсї быйылкы жылдын эсеби менен бїгїнкї кїнгє чейин 58 адам сууга чөгүп кетти. Былтыркы жылы 45 адам каза болгон. Каза тапкандардын көпчүлүк пайызы сууга түшүү сезонуна эч кандай тиешеси жок. Анализ кылсак, суудан каза тапкандарга көбүнчө жол кырсыктары себеп болот экен. Суу жээктеп кеткен жолдордо машина менен каттуу айдап баратып оодарылып сууга кирип кетишет. Мындан сырткары жаш балдарды кароосуз калтырып коюшуп, каналдарга чөгүп кетишүүдө. Ата-энелердин шалаакылыгынын айынан бөбөктөрдү карабай коё берип акыры жаман иштер байма-бай кайталанууда. Бир кырсык катталганда башкалар да сабак алса болмок. Азыр ата-энелерге сак болгула деп смстерди жиберип эле жатабыз. Балдар сууга түшүп кетип табылбай калса деле бизди күнөөлөп чыгышат. Учурда суунун түбүнө түшүп чыга турган суучулдардыбыздын саны 20 гана. Анан жетишпей калсак же издөө иштери узакка уланып кетсе кайра эле күнөөнү бизге тагышат. Мен деле атамын, биздин кызматкерлердин да бала-чакасы бар. Бизге да баланча наристе сууга чөгүп каза тапты, же сөөгү табылды деп жарыялоо оңой дейсизби? Балдардын сөөгүн суудан таап туугандарына бергенде жанына тура албайсың. Ушундан көрө балдарды кооптуу жайда көздүн карегиндей карап коюшса жакшы болот эле. 


--Кырсык болгондо айрым адамдардын сөөгүн узакка издеп калып жатасыздар. Суучулдардын баарын ишке чыгара албайсыздарбы? 


--Тилекке каршы биз баардык кызматкерлерибизди кайсы бир сууга чөккөн адамдын денесин издөөгө чыгара албайбыз. Биздин кызматкерлерибиз андан башка өрт кырсыгы катталганда, же сууга чөккөндө, эшиги жабылбай калса да барышы керек. Кырсык кайдан деп болбойт, баардык ишке даяр турабыз. Эгерде биздин кызматкерлердин саны көп болсо көбүрөөк жибермекпиз. Андайга биздин да күчүбүз жетпейт. Баарыбызга маалым болгондой, кечээ жакында эле эле Чүй областтык администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен сууга чөгүп кетти. Аны издеш үчүн Чүй жана Нарындан атайын кызматкерлерибиз кїнї-тїнї иштеп жатышат. Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгүн таап чыгышты. Кызматкерлерибиз палаткаларда түнөп штаб түзүп издөө иштери улантылып жатат. Чєгїп кеткендердин сєєгїн табуу аракети менен болгон мїмкїнчїлїгїбїздї жумшап атабыз…


--Туугандары ошондо сөөктөрдү таппай жатасыңар деп нааразы болуп жатышабы? 


--Кечээ күнү атайын телефон чалышыптыр. Эки сөөктү таап бергенибиз үчүн ыраазычылык айтып, кээ бир жерлерде уюштуруу иштери начар дешти. Жаан жааганда суу дагы күчөйт, сөөктөрдү агызып Нарын суусуна киргизип кетсе табылышы кыйын. Алар ошондон коркуп чырылдап жатышат. Эми туура эле түшүнүп турабыз. “Машинаны дрон менен божомолдоп суунун ичинен көрдүк, кран менен чыгарып бериңиздер”-деп айтышты. “Көкөмерен” дарыясынан машинаны суу тартылбаса азыркы күндө чыгарып бере албайбыз. Себеби суу ташкындап турат. Машинаны чыгарыш үчүн сууга кирип машинага кранды илип кайра чыгыш абдан татаал. Мен куткаруучу жигиттердин өмүрүн тобокелге сала албайм. Кудай менен мыйзамдын алдында башым менен жооп берчү милдетим бар. Жоготууга учурап калышыбыз мүмкүн. Азырынча балдар иштеп жатышат, баардык сөөктөр табылып, туугандарынын колуна өткөрүп берсек экен деген аракеттин гана үстүндөбүз. 


--Жалал-Абаддагы нефти база өрттөнгөндө сиздердин кызматкерлер аябай кыйналышты. Айрымдары ооруканага да жатып чыгышыптыр. Алардын абалы азыр кандай? 


--Ооба, эки кызматкерибиз күйүк алып ооруканага жатып чыгышты. Учурда экөө тең жакшы, кайра ишке чыгышты. Нефти база өрттөнгөндө чындап аябай коркуп баардык жактан онлайн карап турдук. Кечке чейин тамагыбыздан аш да өткөн жок. Кудай сактасын ал нефти база жарылып кетсе жанындагы башка нефти базалар кошо өрттөнмөк. Анда шаардын жарымын өрттөп алмакпыз. Азыр эстеген сайын коркуп кетем. Бизге ошол убакта эң чоң жардам берген ИИМ болду. Биздин кызматтык машиналар Ош областтагы болгон жеринен көбүктөрдү алып чыгып базага ташышты. МАИнин кызматкерлери жолду катар машиналардан бошотуп коштоп жүрүштү. Болбосо кыйналып калмакпыз. Министр дагы тынымсыз биз менен байланышып, орун басары өрт өчүп бүткөнчө жаныбызда турду. Өрт болуп өчүрө албай жатсак айрым адамдар кооптуу аймакка кирип көрүүгө ашыгып айлабызды түгөтүштү. Андай учурда милиция кызматкерлери элди тартипке чакырып жолотпой кайтарышты. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акматов дагы тынымсыз байланышып чоң жардамын көрсөттү. Алардын баарына аябай ыраазыбыз


--Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышка даярдыкты көрүп баштадыбы? 


--Ооба, даярдыктар башталган. Учурда биз Суусамырга база куруп жатабыз. Кышка чейин бул базаны ишке киргизишибиз керек. Оор кар жааганда күнү балдар рейдге чыгышып, коопттуу аймактарды карашат. Машиналар тыгылып калганда же бузулуп калганда сөзсүз жардам беришет.


--Быйыл адаттагыдай тыгын болбойбу ошондо?


--Өзү жолду транспорт министрлигинин кызматтык техникалары тазалап турушат. Биздин техникалар чыгып жолду тазалабайт. Муну айрымдар билбей эле: “Эмнеге ӨКМ карабайт”-деп кыйкыра беришет. Мисалы транспорт министрлиги кышкысын өкмөткө: “Төө ашууга баланча техника койдук. Суусамырда түкүнчө тейлөө турат”-деп отчёт беришет. Биз алардын техникаларын былтыр чын эле турабы жокпу деп текшерип чыктык. Мисалы Төө-Ашууну жеке компания тейлегендиктен алардын техникалары баардыгы ордунда туруптур. Калган жактан техникаларды тапкан жокпуз. Бул тууралуу өкмөткө маалымат берсек баардык тийешелүү жетекчилерди жумуштан бошотуп, ордуна жаңысын дайындашты. Менимче кийинкиде жалган маалымат бербей сабак болуп калат. Жалган маалымат бергендин ордуна чынын айтышса өкмөт кошумча техникаларды беришмек да. Учурда жаңы жетекчилер техникалардын баарын коюп, иш алып барып жатышат. Мындан ары бул иштер кайталанбайт деп ойлойм.


--Өмүрүн тобокелге салып иштеген суучулдардын турак-жай маселеси чечилгенби? Сурайын дегеним баарынын батири барбы? 


--Тилекке каршы андай эмес. Бирок жыл сайын өкмөт өзү үй салып мыйзамга ылайык таратылып берилет. Быйыл да буюрса Жалал-Абад шаарындагы кызматкерлерибизге үй берүү алдында турабыз. Баардык кызматкерлерибиз үйлүү болсо, бала-чакасы коопсуз тынч, таза жерде жашаса деген тилегим бар. Баардык жакшы тилектерибиз ишке ашат деген изги тилегибиз бар.


Баян Кулова

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО
Видео // 15:51
ВИДЕО - Бекназаров учурдагы саясий чыңалуу боюнча Атамбаевге КАЙРЫЛДЫ...