Бардык жаңылыктар

Маанилүү МАЕК - Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап калды”

Биздин маектин темасы башка болушу керек эле. Философиялык нерселер, баалуулуктар, Кыргызстандын саясатынын тарыхы тууралуу кеп кылалы дегенбиз. Бирок, акыркы жаңылыктар пландарыбызды өзгөртүүгө аргасыз кылды. Тарыхы бай “Ата Мекен” партиясынын лидери, Кыргыз Конституциясынын “атасы” Өмүрбек Текебаевден КСДПнын оппозицияга кетүүсү менен абал кандай нукка бурулары тууралуу сурабай коё албадык.

-КСДП партиясы, тактап айтканда “Атамбаев тарабы” 18-мартта оппозиция болорун расмий жарыялады. Бул кандай кесепеттерге алып келет? Юридикалык, саясий жактан ж.б.?

— КСДПнын бул билдирүүсүндө эч кандай саясий маани жок. Эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес жана эч кандай юридикалык кесепеттерге деле алып келбейт. Парламенттик фракциянын билдирүүсү – бул башка иш. Анын юридикалык мааниси бар. Иса Өмүркулов өлкөнүн кызыкчылыгы партиянын кызыкчылыгынан жогору турарын билдирди. Ошондой эле алар коалициядан чыгалы деген ою жок экенин кошумчалады. Бул демек, көпчүлүк коалиция сакталып, Өкмөт ошол эле курам менен иштей берет дегенди билдирет.

-Эгерде учурдагы абалды Атамбаевдин катышуусу жок карай турган болсок, анда КСДПнын айланасындагы абал боюнча төмөнкүдөй суроо жаралат: эмнеге силер жана Конституциялык жыйын боюнча кесиптештериңер биздин Конституцияда императивдик эмес, эркин мандат түшүнүгүн бекемдөөнү чечтиңер? Императивдик мандат депутаттарды көзөмөлдөөгө шайлоочуларга гана эмес, саясий партияларга дагы мүмкүнчүлүк бермек. Парламенттик шайлоодон кийин депутаттар партия менен байланышта болуп, өз алдынча партиясыз иш жүргүзө алмак эмес. Же жаңылып жатабызбы?

— Европадагы туруктуу жана экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө эркин мандат түшүнүгү бар. “Штрейкбрехерлерди” жазалоонун жалгыз жолу – алар “сатып” кеткен партиядан депутаттыкка аттана алышпайт. Биз Европа эмеспиз. Бирок, бизди коммунисттик партия башкарып тургандагы абалдын начар болгондугун билебиз. Коммунисттик партиялар совет коомунун, жада калса ар бир үй-бүлөнүн коомдук-саясий жашоосун көзөмөлдөп турган.
90-жылдары Советтер Союзу урагандан кийин эң башкысы бул системаны жоюу жана бир партиянын үстөмдүгүнөн чыгуу болгон. Бирок коммунисттик доордон бизде бул же тигил партия мамлекеттик бийликти узурпация кылып алат деген коркунуч калган. Ошондуктан, мындай ойдон коргонуу үчүн Конституцияда мамлекеттик, муниципалдык, партиялык институттардын биригүүсүнө тыюу салган норма киргизилген, ал эми депутаттын мандаты эркин болуп калган. Партияда депутатты чакырып алууга укук жок. Депутат өзү кылган иштерине жооп берет. Бирок, башкача учурлар да кездешет. Мисалы, Уинстон Черчилль. Парламенттик шайлоонун алдында ал партиясын үч жолу алмаштырган. Журналисттер принципиалдуулук тууралуу суроо беришкенде Черчилль белгилүү афоризм менен жооп берген, ал дайыма Англиянын элине пайдасы тие турган партиянын катарында болорун билдирген. Бирок ал Черчилль.
Биз эркин депутаттык мандат тууралуу талкуу кылып жатканда, партиянын ичиндеги этиканы жогорулатууга басым жасаганбыз. Албетте, бизде нары-бери чуркап жүргөндөр да бар. Бизде сөзүнө турбаган адамдар да бар. Бирок, бизде Украинанын Жогорку Радасында жакында эле болгондой, депутаттарды тобу менен сатып алуу жок. Баса, мындай көрүнүштөн кийин алар императивдик мандатты мыйзам аркылуу бекитишкен. Ошондуктан, биз Кыргызстанда парламентаризмди демократиялык Мыйзамдар аркылуу өнүктүрүп жатабыз деп айта алам. Демек, КСДП партиясынын фракция тууралуу тараткан билдирүүсүнө эч кандай өзгөрүү болбойт. Жогорку Кеңеште партиялык фракциянын ишин жөнгө салуу тууралуу жободо партия, фракция партиянын шайлоо алдындагы программасын, партиянын программалык принциптерин жана убадаларын жетекчиликке алып иш алып барары жазылган. Бул башкы чийин десек болот. Бирок, башка иштерде фракция саясий партиядан көз каранды болбой иштейт. Жада калса партия жоюлуп кетсе дагы, фракциянын тагдырына эч кандай таасир болбойт. Фракция кийинки шайлоого чейин парламентте ишин уланта берет.

— Атамбаев Жээнбековду бир жылга жетпеген убакыт мурда эле сындап чыкты эле. Бирок, оппозицияга кетери тууралуу эми гана расмий жарыялады. Эмнеге?

-Биринчиден, акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап, саясий процесстердин өнүгүүсүнө таасир берип калды. Экинчиден, Атамбаев ички туюмуна таяныппы же кеңешчилеринин сөзүн угуппу, айтор, саясий жоготууларды азайтуучу чечимдерди кабыл алып калды. Мисалы, 3-6-апрелге КСДП партиясынын II съезди белгиленген. Демек, партияны бөлүнүү күтүп жатат. КСДПнын мураскери кайсы бөлүгү болору азырынча белгисиз. Бирок, бөлүнүү болору баарына айкын. Мына ушундай абалдын алдында Атамбаев билдирүү жасады. Бул кадамы менен КСДП фракциясын жана анын лидери Иса Өмүркуловду ыңгайсыз абалга калтырды. Иса Өмүркулов билдирүүгө жооп берип жатып, Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагасы катары легитимдүүлүгүн мойнуна алды. Мыйзам боюнча партиянын билдирүүлөрү юридикалык таасири болбосо дагы, моралдык-саясий жана этикалык таасири бар. Мен буга чейин айткандай эле, эркин мандат бар болгон өлкөлөрдүн баарында мындай көйгөйлөр моралдык-этикалык нормалардын деңгээлине ылайык чечилет. Партия – бул ата-эне. Албетте, фракция өз алдынча агым менен кетсе болот. Бул партияга кайдыгер карагандыктан жана партия ичиндеги моралдык-саясий абалдан кабар берет. Партияга көз жумган фракция лидери, жана тескерисинче. Мен азыр КСДПдагы абал тууралуу эмес, жалпы жонунан айтып жатам. Бирок, биз Кыргызстанда мындай маданиятты калыптандырбашыбыз керек. Биз жаштарга көрсөтчү үлгү бул эмес.

— Атамбаев саясий тобокелдиктер кантип азайтып жатканы тууралуу кенен айтып бере аласызбы?

-3-апрелде бөлүнгөндөрдүн съезди болот. Саясий кеңештин көбү Иса Өмүркуловдун тарабында. Чыныбай Турсунбековду кошкондо 19 адам. Съезд партиянын жаңы лидерин тандайт. Саясий кеңештин жаңы курамын бекитет. Юстиция министрлиги дал ушул саясий кеңешти жана жаңы саясий кеңешти таанып коёт. Башкача айтканда, Иса Өмүркулов озунуп алдыга чыкты. Бирок, Атамбаев оппозицияга кетери тууралуу билдирүү жасап жана фракцияны дагы оппозицияга кетүүгө чакырып Өмүркуловдон 2 жумага алдыга кетти. Фракция баш тартты.
Бирок эл бул абалга юрист катары карабайт. Эл бир тарабынан жөнөкөй, экинчи тарабынан логикага таянып ой жүгүртөт. Саясий оюндардагы баардык ньюанстар жана тиги же бул чечимдин максаты коомчулукка дайыма эле белгилүү боло бербейт. Атамбаев абийирине карап оппозицияга кетип жатканын эл көрүп жатат. Бул жагабы же жакпайбы чынчыл кадам. Партия тиешелүү чечим кабыл алды. Ал эми фракция болсо жылуу ордунан козголгусу келбей жатат. Демек, бир кадамы менен эле Атамбаев фракцияны ыңгайсыз абалга кептеп койду. Эми Атамбаев эмес, фракция эмнеге партиянын артынан оппозицияга кетпей жатканын түшүндүрүп, актанышы керек болот. 3 жана 6-апрель жакындап калды. Ар бир топ съезд өткөрөт, бул абалда талаш маселе жаралып, сотко чейин барышы толук мүмкүн. Ал учурда Иса Өмүркуловдун тарабы колдоо табышы мүмкүн. Бирок, Атамбаевдин билдирүүлөрүнөн кийин бул башкача кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, саясий партияны рейдерлик басып алуу катары. Бийликти ушул кадам боюнча айыптоолор болот. Бул жерде Атамбаев саясий жоготууларды кантип азайтып гана эмес, айрым саясий маселелерди чечип да койду десем болот.

-Кайсы маселелерди?

-Биринчиден, Атамбаев саясий жоготууларды азайтты.
Экинчиден, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съездинин легитимдүүлүгүнө шек жаратты.
Үчүнчүдөн, ал Президентти ыңгайсыз саясий абалда калтырды, себеби айрымдар КСДП менен болгон абалды саясий рейдерчилик деп баалашы ыктымал. Ал эми Атамбаевге каршы жасалган баардык иштер саясий кысым катары кабыл алынат. Жалпылап айтканда, Атамбаев саясий иммунитетин бекемдеп алды.

-Башкача айтканда, ал салгылашуунун бул бөлүгүн уттубу?

-Ооба, бирок бир салгылашуудагы жеңиш бул согуштагы толук жеңиш эмес экенин эсиңерден чыгарбагыла.

«Мен Сооронбай Жээнбеков премьер, Чыныбай Турсунбеков төрага болорун билгем»


Кыргыз саясатынын көшөгө артындагы иши тууралуу Elgezit.kg  Өмүрбек Текебаев менен маектешүүдө.
—  Биз саясатта ички туюмдун маанилүүлүгү тууралуу кеп кылдык. Кадимки түшүнүктүн чийининен тышкары чыккан ойлонуунун бул өзгөчө түрү көптөгөн саясатчыларга таандык сапат. Логикалык негиз жана анализ менен интеллектуалдык ички туюмдун чеги кайсы жерде деп ойлойсуз?

— Саясатчылардын алысты көрө билүүсү абалды билүүдөн, тажрыйбадан, ойлонуунун өзгөчөлөнгөндүгүнөн көз каранды. Бул жерге анализ жүргүзө билүү жана логикалык жыйынтык чыгаруу жөндөмүн кошуңуз. Бирок, албетте ички туюмга ишенип сереп сала билүү да зарыл. Мындайча айтканда, логикага таянбай. Жөн гана ушундай болорун билесиң. Сезесиң. Бирок, бул көзү ачыктык кылуу эмес. Андай адамдардын жаратылышы башка деп ойлойм.
Мен айрым бир учурлар тууралуу айтып берейин. Мисалы, мен Сооронбай Жээнбеков премьер, ал эми Чыныбай Турсунбеков төрага болорун билгем.
2016-жылы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдыктар башталды. Конституцияга ылайык, мамлекет башчысынын өзгөчө ыйгарым укуктары жок болгону менен, Атамбаевдин учурунда президент бийликти узурпациялап алды. Көп убакыт бою конституциялык эмес башкаруу болуп турду. Кландык дейсиңерби же үй-бүлөлүкпү, кандай атасаңар ошондой атагыла. Мындай абалда көптөгөн саясий күчтөр өздөрүн жакшы сезип турушту. Дал ушундай абал алар үчүн кадимки көрүнүш катары кабыл алынып жатты. Себеби алар аны жакшы түшүнүшчү, байланыштары, каналдары бир жолго коюлган дегендей. Ооба, Атамбаев бийликке туугандарын алып келген жок. Бирок, ал бийликке айдоочуларын, жан сакчыларын, жардамчыларын, катчыларын алып келип, клан түздү. Бул кадамдары менен биз түзгөн системаны бат эле бузуп салды.
Конституцияга ылайык, Атамбаев президенттик кызматтан кетиши керек болчу. Бирок, ал расмий түрдө бийликте болбогону менен мураскери аркылуу өлкөнү башкарып, кийинчерээк премьер катары саясатка келүү планын иштеп чыкты. Баса, баарынан мурун мындай план түзүлүп жатканын мен билип койдум. Жана муну элге айтты. 2016-жылдын август айында мен “Жаңы жүздөр” гезитине (1) маек берип, Атамбаев саясаттагы жашоосун саясий реинкарнация жолу менен узартууну каалап жатканы тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин айтып бердим. Кийинки кадамдар менин сөздөрүм туура экенин тастыктады.
Пландарын ишке ашыруу үчүн Атамбаев жашырбастан эле эң негизги кызматтарга жакындарын кое баштады. Мурда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштебеген адамдарды дайындады. Алардын тажрыйбасы, саясий салмагы жок болчу, бирок алар жеке ийгиликтери үчүн Атамбаевге милдеттүү болчу. Анын пикиринде, алар президентке ыраазы гана болбой, келечекте анын сөздөрүн кыңк этпестен аткарып туруулары керек эле. Дал ушундай шартта Атамбаев формалдуу мураскер тандады. Абдил Сегизбаев, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Асылбек Жээнбеков активдүү оюнчулар болчу. Алар айланасындагылар менен сүйлөшкөндө деле максаттарын жашырышкан эмес жана алдыдагы саясий оюндарга жигердүү даярдана башташкан. Жогоруда аты аталгандардын максаттары президенттик кызмат гана эмес, премьер-министрлик дагы болчу. Мисалы, Албек Ибраимов үчүнчү жактар аркылуу чет жактагы саясий
технологдорго шайлоо алдындагы программага буйрутма берүүгө жетишкен. Бул 2016-жылдын январь, февраль айларында болгон.
Албетте, тажрыйбалары мол жана көз карандысыз башка саясатчылар да бар болчу. Белгилүү бир финансылык, саясий, маалыматтык жана адам ресурстары бар болчу. Кеп Өмүрбек Бабанов, ошол маалдагы премьер-министр Темир Сариев тууралуу болууда. Мен деле реалдуу талапкер боло алат элем. Бирок Атамбаевдин пландарында экинчи топтон адамдары киргизүү жок эле. Ал саясий талааны өзүнүн талапкерлери үчүн тазалоого багыт алган.
Кыргыз саясатында тажрыйбам көп болгондуктан Кыргызстандагы бийликтин баардык сырларын, механизмдерин билем. Алдыда болчу окуяларды көрө билүү оорчулук жаратпайт. Саясатчы прогноз гана жүргүзбөстөн, окуялардын жүрүшүнө таасир бере алат. Башкаларды дагы өз эрежесине салып иштетип коёт. Белгилеп кетсем, абалды жөнгө салуу деген жаман мааниде эмес. Бирок психологиялык башкарууну билмейинче эч нерсе жасай албайсың. Бул жерде этика маселеси роль ойнойт жана бул билгендериңди кандай багытта колдоноруң да маанилүү.

— Шайлоого жакын баардык эле саясий топтор абалды өз пайдасына жараша бургусу келсек керек. Кимдир бирөө бул жагынан артыкчылыкка ээ дегендей. Кээ бири такыр эле жөнгө сала албайт. Абалды ийгиликтүү программалоонун жана прогноз жасоонун сыры эмнеде?

-Бул процесстин ийгиликтүү болушу жеке адамдан, анын жөндөмүнөн жана ресурстарынан көз каранды. Ал маалда баары абалга таасир берүүгө аракет кылышты. Анын ичинде мен дагы. Менин финансылык, уюштуруучулук, административдик ресурстарым чектелүү эле. Анын үстүнө ал убакта менин жеке рейтингим дагы жогору эмес болчу.
Көпчүлүк талапкерлердин тактикасы Атамбаев менен абдан жакшы мамиледе болууда болчу. Алар президентке берилгендигин көрсөтүп, шайлоо алардын пайдасына болуусун каалашкан. Президенттик шайлоого алардын катышуусуна бут тосуулар болбошун самашкан.
Мен жана “Ата Мекен” партиясы бул процесстин катышуучуларынан өзгөчөлөнүп, президентке жакшы көрүнүү аракетин кылган жокпуз. Мен реалдуу программалар аркылуу, өзүмдүн көз карандысыз экендигимди көргөзүп алдыга кадам таштап жаттым.
Башкалар сыяктуу эле мен дагы тарыхтын жүрүшүнө таасир берип, абалды өзгөртүүгө аракет кылып жаттым.

— Кантип?

-Биринчи топтогу талапкерлер административдик ресурстарды пайдалануу үчүн Атамбаевге жакын болушту. Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев акыркы мүнөттөргө чейин пландарын билдирбей, финишке жетүү үчүн Атамбаевге берилген адам катары көрүнүп жүрүштү. Мен жогоруда айтып кеткендей эле, каражатым жана маалыматтык ресурсум жок болчу. Ошондуктан, мен башкалардын ресурстарын колдонуп, административдик ресурстун мага каршы иштөөсүн азайтуум керек болчу. Ал үчүн Атамбаевдин биринчи тобундагылардын ичинде күчтүү атаандаштык болуп, шайлоого чейин команданын биримдиги ажырап, мурдагы үзөңгүлөштөр каршылаш болушу керек эле. Ошондо гана мен алардын айрымдары менен союз түзө алмакмын. Атамбаев өтпөй турган талапкерди тандаганы эң жакшы вариант болмок.
— 2016-жылдын 18-февралында сиз 24.kg маалыматтык агенттигине маек берип, анда Сооронбай Жээнбеков тууралуу жакшы пикирлерди айттыңыз эле. Тактап айтканда, сиз аны Ош облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү менен салыштырып жатып төмөнкүлөрдү айттыңыз: “Чакырыктардын баары дал ушу (Ош) облусуна багытталган, дал ошол аймакка тажрыйбалуу, абройлуу Сооронбай Жээнбековго окшогон адам дайындалышы керек эле. Ал эки жолу парламенттин депутаты болгон, ЖКнын комитетинин төрагасы болчу, Эл өкүлдөр жыйынынын вице-спикери, айыл-чарба министри болгон, анын тажрыйбасы, билими жана саясий салмагы 2010-жылдагы окуялардан кийин аймактагы абалды турукташтырууга жардам берди”.

— Мен Атамбаевди жакшы билчүмүн. Ал чечимдерди кандайча кабыл аларын да билчүмүн. Эгерде ал жактырбаган адам туура сунуш берсе дагы ал аны туура эмес кабыл алчу. Бирок, ошол эле учурда айланасындагыларды угуп, “түз эмес” кеңештерди да кабыл ала билчү. Ал ар түрдүү материалдарды көп окучу жана канча бир убакыттан кийин чечимди өзү чыгарган адамдай болуп чечим жасачу. Мен ал мураскер издеп жатканын билгем. Ал үчүн жанындагылардын бирин караштырып жатканынан да кабарым бар эле. Ал тандап ала турган жакындарынын арасында Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Абдил Сегизбаев жана Асылбек Жээнбеков бар болчу.
Биздин менталитет, бийликти өткөрүп берүү салты жана аймактык балансты сактоо кийинки президент түштүктөн болушу керектигин анык билдирип турган. Айрым тышкы саясаттагы жагдайды эске алганда, Асылбек Жээнбеков улуу агасынан популярдуу болгону менен мүмкүнчүлүгү аз болчу. Биздин башка өлкөдөгү өнөктөштөрүбүздү, Россияны Асылбектин динге берилгени кооптондуруп турчу. Атамбаев болсо анын мүнөзүнөн кооптонуп турган. Атамбаев ал өзүн укпай коёт жана көзөмөлгө ала албай калам деп корккон. Мунун баарын эске алганда, Атамбаев пландарына коркунуч жаралып жатканын билип, салттардан аттап өтүп, мураскерди түндүктөн тандап алышы мүмкүн эле. Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков тууралуу жакшы пикир айтып маек берип койдум. Атамбаев аны сөзсүз окуп, мен келтирген аргументтерди эстеп, Жээнбековдун агасын талапкер катары карайт деп ойлогом. Мен аны президенттик кызматка барса жакшы болот деп мактаган жокмун, жөн гана тажрыйбасы жогору адам өкмөттү башкара алмак деген гана ойду айтып койдум.
Бир нече убакыттан кийин процесске катышып жаткандардын баарын таң калтырып, анын фамилиясы атала баштады.
Баса, маек 24.kg агенттигине чыккан күнү, февраль айында мен Өкмөт үйүнөн чыгып бара жатып, Сооронбай Жээнбековду жолуктуруп калдым. Учураштык. Мен өтүп кетип, кайра токтоп калдым: “Соке, токтосоң” -дедим. “Мен маек берип, сен тууралуу жылуу пикир айттым. Сен премьер-министр болосуң. Мен бул тууралуу сага биринчилерден болуп айтканымды унутпа”,-дедим.
Сооронбай Жээнбеков таң калды. Ал учурда ал киши премьерлик тууралуу ойлонбосо да керек. Жылмайып, жылуу сөздөрүм үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Бирок, Жээнбеков тууралуу маек бергенде мен Жээнбековду тажрыйбалуу, түштүктөгү салмактуу саясатчы катары сыпаттап жатканда чын дилимден эле мактоо сөздөрүн айтканымды белгилеп кетейин.

— Чыныбай Турсунбековдун төрага болору тууралуу билгениңизди айттыңыз. Ушул тууралуу кеп учугун уласак…

-2016-жылы февраль айынын акырында менин жетекчилигим алдында парламенттик делегация Венага ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын кышкы сессиясына катышуу үчүн учуп кетти. Делегациянын курамында Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев жана мен бар элем. Жыйын аяктагандан кийин биз Копенгагенге бардык, ал жакта дагы парламенттер аралык ассамблея тарабынан жолугушуулар пландалган болчу. Бир күнү ресторанда чай ичип отуруп Мекенибиздеги абалды талкуулап калдык. Эмнеге реформалар жүрбөй жатат, мындан ары кандай кадамдарды жасашыбыз керек деген талкуу болду. Биз
кесипкөй жана акылдуу адамдар бизде жетиштүү деген бир пикирге келдик. Каалоо жана саясий эрк жетишпей жатат дедик. Ал эми бийликке компетенттүү эмес, элдин ишенимине кирбеген адамдар келген Атамбаевдин башкаруу формасы өлкөнү артка тартып жатканы боюнча сүйлөштүк. Биз эч кандай көтөрүлүшү жок эле Конституцияны иштетишибиз керектигин түшүндүк. Президенттик шайлоодон кийин бийликке президент, премьер-министр, төрага болуп келгендер бир пикирди кармангандар болушу керек жана жасалган реформалар боюнча жоопкерчилик ала билиш керек. Элден мандат алган адам гана өкмөттү жетектеши керек. Башкача айтканда, чыныгы эл адамы болуш керек. Ал бул мандатты сакташы зарыл. Ошондо гана ал күчтүү премьер болот деген пикирге келдик. Натыйжада бул идея 2016-жылдагы конституциялык өзгөртүүлөрдө ишке ашты.
Ошол күнү кечинде мен Чыныбай Турсунбековго: “Сен жакында парламенттин төрагасы болосуң”-дедим. Бакыт менен Чыныбай таң калып калышты. Себеби ал учурда Асылбек Жээнбековдун отставкага кетери тууралуу эч кандай маалыматтар жок болчу. Мен ал жакында ордун бошоторун айттым.
Ошондой Чыныбайда төрага болуу мүмкүнчүлүгү болорун айттым. Албетте, ал үчүн партиялаш жана фракциялаш кесиптештери менен сүйлөшүүсү керектигин айттым. Себеби КСДПчылар арасында амбициясы күчтүү саясатчылар көп болчу. Мен аны бул багытта иш алып барууга чакырдым. Бакыт Төрөбаев менден кеңеш сурады: “Өмүрбек Чиркешович, мен эмне кылышым керек, айтып бериңизчи”,-деди. Мен: “Менин кылып жаткан ишиме көз салып тур, мен эмне кылсам сен да ошону жаса. Сен үчүн азырынча ушундай кеңеш”,-дедим.

— Сиз эмнеден улам ушундай пикирге келдиңиз?

— 2016-жылдын январь айында Темир Сариевди дискредитациялоо процесси башталды. Ал премьер-министр болчу. Ал өзүн көз карандысыз саясатчы катары алып жүрчү. Өзүнүн партиясы, электораты, ресурстары бар эле. Президенттик кызматка ат салышууга амбициясы да жогору эле. Январдан тарта Сариевге каршы иштер башталды. Атамбаев жаш депутаттарды ага каршы үгүттөп, алардын бири анын ордуна келе алары тууралуу белги берди. Дискредитациялоо үчүн Балыкчы-Корумду жолун оңдоо долбоору тандалып алынды. Парламенттик комиссия түзүлүп, чындыгында эле бир катар мыйзам бузууларды таап, парламент үчүн доклад даярдашты. Мен докладдын мазмунун билчүмүн, комиссия мүчөлөрү Атамбаев менен бирге иш алып барышты. Ошол учурда Сапар Исаков дагы, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимов дагы, балким Асылбек да Сариевге каршы иштешти. Премьерлик кызматтагы анын тагдыры чечилип калды. Темир Сариев иштин парламентте каралышына чейин жеткирбей эле отставкага кетти. Көпчүлүк коалиция болсо, көпкө ойлонбостон, Атамбаев менен макулдашып, премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштады. Парламент колдоду, 13-апрелде Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болду, Асылбек Жээнбеков отставкага кетти. Көпчүлүк коалиция Канат Исаевди төрагалыкка сунуштады. Бакыт Төрөбаев дагы талапкерлигин койду. Ортодо күтүүсүз нерсе болду. 20-февралда добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экөө тең бирдей добуш алышты. 51 добуштан. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, алар кайрадан талапкерлигин кое алышпайт болчу. Андан соң, мага Чыныбай келди. Ал менден “Ата-Мекен” партиясы анын төрагалыкка талапкерлигин колдой турганын айтуумду өтүндү. Мен айттым. Андан соң, “Кыргызстан”, «Республика — Ата-Журт» фракциялары менен сүйлөштүк. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы менен “Ата-Мекен” Копенгагенден эле Чыныбайды колдооруна сөз беришкен. Ошентип, Чыныбай Акунович баардык фракциялардын макулдугун алды. Бирок, анын талапкерлигин КСДП сунушташы керек
эле. Атамбаевдин макулдугусуз муну жасоо мүмкүн эмес болчу. Анын үстүнө КСДПдан төрага болууну каалагандар көп болчу. Чыныбай Акунович президентке менин “Вечерний Бишкекке” берген маегимди чыгарып, алып киргенин айтып берди. Турсунбеков жөнөкөй адам, президентке төрага болоюн деп түз айта албайт болчу. Анын талапкерлигин башка фракциялар колдоп жатышканын айтып, Алмазбек Атамбаевдин пикирин угуу үчүн киргенин билдириптир. Ал ким анын талапкерлигин сунуштап жатканын сураптыр. Чыныбай маекти көрсөтүп, “Ата Мекен” деп айтыптыр. Атамбаев: “Текебаев сени сунуштап жатса, анда сен төрага болосуң”-дептир. Чыныбай Акунович КСДП фракциясынын макулдугун алган.
Ошентип, Атамбаевдин лагеринде мураскерликке жаңы талапкерлер пайда боло баштаган. Ал министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков болгон.


Elgezit.kg редакциясы маек алууда жардам кылган Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына ыраазычылык билдирет.

Булак: Elgezit.kg

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады