Бардык жаңылыктар

Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры


Өткөн аптада социалдык тармактарда бажы кызматынын иштен кыскарып кеткен кызматкерлердин айткандары талкууланды. Анда бир жыл мурун иштен кыскарып кеткендиктерин, кайра ордуларына келүү үчүн "төрт тамгадан" добро алуу керектигин, төрт тамга ким десе биринчиси Раим экендигин, экинчиси Лола Бегалиевна экендигин, алардын ордуна байдын балдары иштеп жаткандыгын, Лола Бегалиевна серый кардинал болсо, Бажы кызматы жеке менчик конторага айланганын, катталари каалаганын ишке алып, жакпаганын кетирерин айтышты. Айрым маалыматтарга караганда дал ушул Лола айым Раим Матраимовдун түштүк бажысын мыкчып тургандан берки кадырлуу кадры экен. Кийин борборго келгенде өзү менен кошо ала келиптир. Мындан тышкары учурдагы Бажы башчысы Алмаз Оңолбеков баш, орун басарлары Рустам Мамасадыков, Ражавалиевдер төш болуп Раим Матраимовдун кареги менен тең айланган кадрлары экени баарына маалым. Раимбек Матраимов бажыдан кеткени менен анын кадрлары мурдагыдай эле коррупциялык системаны иштетип, Раимдин капчыгын калыңдатып жатканы бештен белгилүү. Бир эле мисал, Бажыга Кубанычбек Кулматов кайра төрага болуп келип, Раим Матраимовдун системасын бууп, аны ишке ашырып келген жүгүрүктөрүн иштен алып, ордуна таза жигиттерди дайындап, бир эле түштүк бажысынан түшкөн каражаттагы айырма асман менен жердей болгон.  Ошентип Кулматов келгени Бажыда мыйзамсыз уурдалган каражаттарга бөгөт коюлуп, өлкө казынасына милиондогон долларлар түшө баштаган. Мындан көп өтпөй жаңы бийлик Кулматовду коррупция менен айыптап, иштен алып анын ордуна Раим миллиондун кол баласы Алмаз Оңолбеков дайындалды. Албетте, мындай кадрдык жүрүштөрдүн орун алуусуна Раимбек Матраимовдун таасири чоң экени талашсыз. Ошентип, Оңолбеков Кулматов түздөп кеткен системанын ойронун чыгарып, таза жигиттерди мыйзамсыз иштен алып, кайра эле баягы уурулук системаны ийгиликтүү ишке ашырып келген балдарын алып келди. Ошентип, бажыда кайрадан башаламандык орноду. Мурун "үч тамга" деп ИИМ менен УКМКны айтчу элек. Азыр "төрт тамга" деп Раимди айта турган абалга келдикпи? Ушул айтылгандар боюнча Өлкө башчы, өкмөт башчы чара көрбөсө болбойт! Келечек канча тамга болот?

Матраимовдордун мүлктөрүн табышкан жок

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Раим Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү өткөн жылдын аягында президент Жээнбековдун басма сөз жыйынында журналисттер берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп баштаган. Бирок, жай мезгили келип жатса дагы Матраимовдун мүлкүн мамлекеттик кызмат иликтеп бүтпөй жаткан. Маалкатып келаткан иликтөөнүн бүтпөй жатышынын себебин дагы 1-май даана көрсөттү. Бүгүн мамлекеттик бийликте Матраимовдун көзүн тик карап, өктөм сөзүн айта албай турганы далилденди. Азыркы бийлик 2-майдан баштап “Раим-миллиондун” өз ордун көрсөтүп койгонго тапшырма бергенге жарабаса, Атамбаевдин “Өлкөнү коррупционер Раим Матраимов башкарып жатат” деп кыйкырганына эл толугу менен ишенет. Ишенбеске арга да жок. Эң кызыгы Финпол жарым жылдан бери ит менен да, жик менен да иликтеп, изилдеп жатышып Матраимовдордун чет өлкөдөгү мүлктөрүн табышбаптыр. Бул тууралуу Каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров "Азаттыктын" кабарчысына билдирди. Анда Матраимовду текшерүү февралда башталганын, тергөө иштери жүрүп жатканын, тегөөнүн мөөнөтү боло  тургандыгын, мөөнөтү бүтүп бара жатканын ушул жумада баарын айтарын айтты. Чет өлкөдөн мүлктөрү табылган жок деп белгиледи. Ал маекте эки сөзүнүн бири эле тергөө купуялуулугу деп сүйлөнүп жатты. Каржы кызматынын төрагасы буга чейин Искендер Матраимовдун "Биз 90-жылдары бутка туруп баштаганбыз, чет өлкөлөрдө компанияларыбыз бар, ал жакта долбоорлор менен иш алып барабыз" - деп жергиликтүү ЖМКга берген маегин окубаган окшобойбу. Окуса мүлктөрү жок деп айтмак эмес же текшерүү тиешелүү түрдө жүргөн эмес. Өздөрү айтып жаткан мүлктү жок деген Бакир Таировдо кеп бар. Каржы кызматы мындай жол менен кете берсе, президенттин коррупция менен күрөшүн жокко чыгарат. Элдин ишенимин азайтат. 

Бакир Таиров кантип Раим Матраимовдун кол баласына айланды?

2012 - ж.ж Бакир Таиров өлкөнүн түштүк аймагы боюнча ИИМдин УКТга каршы жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын  орун басары болуп турган. Дал ушул убакта Кара-Суу районунун акимин шайлоо орун алган. Кара-Суу  районунун акимин шайлоодо өзүнчө аңызга айланган чуулгандуу окуяларга эл күбө. Акимдикке Раимбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов менен Райондук Кеңештин төрагасы Бакыт аттуу жаран ат салышат. Тилек Матраимовго караганда Бакыт мырзанын эл алдында кадыры жогору болгондуктан анын өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон. Бирок, айлакер Матраимовдор райкеңештин он бир депутатын коңшу Өзбекстанга алып чыгып, коркутуу жолу менен, ар-бирине беш миң доллар берип сатып алып, Тилек Матраимовду акимдикке өткөргөнү тууралуу маалыматтар эл оозунда айтылып келет. Карапайым калкка анчейин кадыры жок Тилек Матраимов аким болуп дайындалганы, аны жергиликтүү айыл өкмөт башчылары да теңине албай коюшат. Райондогу айыл өкмөттөрдүн аксакалы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Аким Баатыр Тилек Матраимовдун жүргүзгөн саясатын ачык-айкын колдоодон баш тартат. Анын үстүнө Сарай айыл өкмөтү бакубат айыл өкмөтү катары белгилүү. Оштогу эң чоң базар Кара-Суу базары дал ушул айыл аймакта жайгашкан. Айыл өкмөт башчысына кыжыры келген Матраимовдор аны жолдон чыгаруу үчүн Бакир Таировду колдонгондору чынбы? Маалыматка караганда булар Бакир Таировго 50 миң доллар берип аны мыйзамсыз ишке барууга көндүрүшкөнбү? Алкымын майлап алган Бакир Таиров ыплас ишке барып, Аким Баатырды жер шылтоосу менен он миң доллар өлчөмүндө “подстава” жолу менен колго түшүргөнбү? Ошентип бош калган акчалуу Сарай  айыл өкмөтүнө Матраимовдор кол баласы Замир Тургуновду дайындашкан. Таң калычтуусу  Замир Тургунов Тажикстандан наркотик менен, кийин мыйзамсыз пистолет алып жүргөндүгү үчүн ИИМдин үч кызматкери тарабынан колго түшүрүлгөн экен. Анын артын жабуу үчүн Матраимовдор ал үч сотрудникти үч жакка айдап, жогору жактагы ишенген кожолору аркылуу Замир Тургуновду актатып алышканбы?  Дегенибиз, 2016-жылы ошол убактагы ИИМ министри Жунушалиев коллегияда Бакир Таировду жана бир нече жетекчини иштей албай жаткандыгы үчүн иштен алуу боюнча чечим чыгарат. Бирок чечим күчүнө кирбей ордунда калган. Себеби Таиров ошондо эле ошол кездеги серый кардинал Илмиянов менен Матраимовдун көлөкөсүндөгү кадр эле. Ошентип Раимбек Матраимов артын тазалатуу үчүн, жогорудагы лөктөргө 1,5 млн доллар берип, кол баласы Бакир Таировду Каржы полициясына төрага кылып дайындатканбы? 

Кара-Суу кантип Раим Матраимовдун “вотчинасына” айланды?

Раимбек Матраимов мыйзамсыз тапкан жашылбайларынын аркасы менен Кара-Сууга кожоюндук кылуу аракетин улайт. Ал тегерегине чоң муштум жигиттерди чогултуп, күч менен жергиликтүү абройлуу адамдарды жолдон чыгарууга, сындырууга багыт алат. Анын алкагында жүк ташуучулар союзунун төрагасы Мырзамат Чынгараев аттуу жаранды Зафар Айдаров жана Мунарбек Сайпидинов аттуу чоң муштум балдары аркылуу ур-токмокко алдырган. Бул маалымат коомчулукка желдей тараган. Бул окуядан соң Ош УВДсы тарабынан иш козголуп, урган балдар кармалган. Кийин бул ишти Раимбек Матраимов Сүйүн Өмүрзаков аркылуу жаптырып койгону боюнча кептер айтылып келет. Буга далил учурда Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүнүн башчысы. Бул эргул өз кабинетине Раимбек Матраимовдун сүрөтүн илип алганы менен элдин эсинде калды, кээ бир маалыматтар боюнча Раимбек Матраимовдун өкүл баласы экени айтылат. Мындан тышкары булар Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрүн шайлоого киришип, айылдык кеңештин депутаттарын коркутууну, сатып алууну же уурдап кетүүнү колго алышканбы? Белгилей кетсек, Папан айыл өкмөтүн жана Шарк айыл өкмөтүн шайлоодо айылдык кеңешинин 11 депутатынын дайыны чыкпай жоголгон. Кийин алардын коңшу Тажикстанда эс алып келгендиктери айтылган. Бирок Айылдык кеңештин башка депутаттары кесиптештеринин дайынсыз жоголушун айыл өкмөттү шайлоонун экинчи туру менен байланыштырышкан. Бирок айыл тургундары Шарк айылдык кеңешинин 11 депутатына кошуна өлкөдөн эс алууну уюштурууну шайлоонун биринчи турунан өтпөй калган мурунку айыл өкмөт башчы Арстан Жолдошев менен район акими Тилек Матраимов уюштурганын айтып чыгышкан. Кыскасы Матраимовдор ушундай жол менен Кара-Суу районундагы калк жыш жайгашкан Кызыл-Кыштак, Нариман, Сарай, Савай, Төлөйкөн, Папан, жана Шарк айыл өкмөттөрүнүн башчылыгына жалаң бандиттерден турган өкүл балдарын дайындашкан. Бул маалымат боюнча гезиттердин бири “Раим миллиондун өкүл балдары бандиттерден куралганбы” деген аталышта так маалыматтарды жазып чыккан. Муну менен чектелбей  Кенжекул айылына айыл башчы болуп, түштүктөгү каралардын атаманы делген Кадыр Досоновдун агасы дайындалыптыр. Карапайым калк райондогу Матраимов тарабынан жүргүзүлүп жаткан башаламандыктардан тажап, ал көйгөйлөрдү чечүү биздин бийликтин колунан келбейт деген таризде, Орусия президентине чейин кайрылышканы  кашкайган далил эмей эмне? Кыскасы, калк арасында “Тилек Матраимов кызматтан алынаары менен өзү баш, айыл өкмөттөрү төш болуп кылмыш жообуна тартылат” деген кеп кызуу айтылып жаткан кез.

Раим Матраимовду калкалаган калкандары

Учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып, талкуу жаратып жаткан  эң чоң маселе - бул Раим Матраимовдун коррупциялык былыктары болуп жатканы талашсыз. Анын өлкөдөн чыгарып кеткен миллиондору, коррупциялык схемалары ачыкталып жатса дагы, аны текшерип жоопко тартууга эч ким даай албаганы кандай? Же бул эргул бийликтеги лөктөрдүн баарынын тамагын май токоч менен майлап, чүлүктөп алганбы? Алсак, Фин чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Раим Матраимовдун кан кудасы болуп чыкты. Кудалар парадын улай келсек, ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Памир Асанов дагы Матраимовдун эжесинин кан кудасы экени айтылууда. Башта ал бул маалыматты четке кагып, кийин кайра мойнуна алды. Андан тышкары азыркы Бажынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Раим миллиондун көзнүн кареги менен айланаары баарыбызга белгилүү. АКС башчысы Сагынбек Исмаилов, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да Раим Матраимовдун кол балдарыбы? Ак же көк деп койсоңор боло?  Коомчулук качан силерди чечкиндүү кадамдарды жасайт деп күтүп атат. Же алчусун алып коюп, ишти атайын создуктуруп жатышат деп коомчулукта айтылган кептердин чындыгы барбы? Ошондой эле, буга чейин ИИМдин орун басары болуп туруп, Раимбек Матраимовдун коррупциялык схемаларынын токтоосуз иштөөсүнө өбөлгө түзүп бергени боюнча маалыматтар жмкларда жазылып келген. Капыстан эле бир нече айдан бери бош жүргөн Данияр Абдыкаров  “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул сырдуу дайындоонун жандырмагы ачыкталып калдыбы? Бул жерден дагы Матраимовдун кулагы көрүнбөйт деп ким кепилдик берет. Мындай деп айтууга толук негиз бар, жаңы эле кызматка дайындалган Абдыкаровдун Матраимовдор өткөргөн тойдо олтурушу эмнени каңкуулайт? Албетте, бул кызмат мыйзамсыз товарларды аеропорттон тоскоолдуксуз өткөрүүгө шарт түзөт. Андыктан Раимбек Матраимов акчанын күчү менен баарын өзүнө ыңгайлап, коррупциялык схемасынын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн тууралап алганын кайда катабыз.  Анан ушул эргулдар өз кожоюнун сатмак беле? Эң кызыгы, президенттин коррупция менен күрөштөгү кадамына ишенген кожосу аппарытынын орун басары, күч түзүмдөрүн тейлеген Алманбет Салиев бут тосуп жатканы чынбы? Айрым маалыматтарга таянсак дал ушул Алманбет Салиев алчусун алып, күч түзүмдөрүнүн тизгинин тартып, Раим миллион баш болгон коррупционерлерди калкалап жатабы?  Андыктан президент айланасын “кой терисин жамынган карышкырлардан” тазалап, бир силкинип албаса, абал чатак…

Раим миллиондун ийгилигинин сыры

Акаевдин убагында бажыкананы титиретип кармап турган экс-депутат Малабаев «Кошелёк» деген атка конгон. Раимбек Матраимов дал ушул Малабаевдин жанында жүгүрүгү болуп жүргөнү жашыруун эмес. Кийин, азыр атагы алыска кетип, бүтүндөй өлкөгө кимдин таасири күчтүү экенин көрсөтүп жаткан Раимбек Матраимовду баралына келгенде, мамлекет үчүн эмес өзү үчүн иштеген атактуу «Кошелёк» акесинен да өтүп кетери бышык дешип сөз кылып жүрүшкөн. Бүгүн Раимбектин жанында “Кошелёк” эч ким болбой калды…
Матраимов жеке үй-бүлөгө таандык спорттук мелдеш өткөрүп, мамлекеттин негизги мыйзам чыгаруу менен аткаруу бийлигин “тизелетип”, ким менен эсептешиш керек экенин бүтүндөй кыргыз элине ачык көрсөттү. Жогорку Кеңеш депутаттарынын баарын каз катар тизип, Вице-премьерди баш, өкмөттүн өкүлдөрүн төш кылып кол чаптырып, өзү мыйыгынан күлүмсүрөп турду. Бул бүтүндөй элге “Мени коррупционер дейсиңер, мына менин күчүм! Ким ушул күчкө каршы чыга алат?! Урматтуу бийлик төбөлдөрү, мени оюндан чыгарып, сокур ичеги сыяктуу кесип ыргытам десеңер, сиздер менен дагы кармашканга кудурет жетет! Менин погума эч ким куурай сая албайт!” деген ишааратын кылып, саламын жолдоду. Бүгүн мамлекеттик бийликте Матраимовдун көзүн тик карап, өктөм сөзүн айта албай турганы далилденди. 
Бийликке, өзгөчө президентке ишеними бар элдин бетине шалп этип эле түкүрүп салган Раим Матраимов мындай даражага кантип жетти? Буга чейин кандай окуялары менен элдин эсинде калган? Матраимовдор тууралуу эл эмне дейт? Алгач ушул суроолорго жооп издебейлиби…

2018-жылы 29-декабрда Ош шаарын эле эмес, бүтүндөй өлкөнү дүң эткизген окуя катталган. Беткап кийген белгисиз 3 адам автомат, тапанча, бычак менен куралданып, Ош шаарындагы Супаналиев көчөсүндөгү 15-үйгө тоногону киришкен. Албетте, уурулар карапайым адамдын үйүнө баш багышкан эмес. Алар ошол кездеги республикабыздын түштүк борбору Ош шаары бул жакта калып, жалпы облуска аз убакыттын ичинде «Экинчи кошелёк» аталган Раим Матраимовдун хан сарайына кирип жатышат. Раим Матраимов ошондо эле Ош облустук бириккен бажыканасын жетектегенине бир жарым жылдан бир аз убакыт ашса да, тез эле байып, анын дүнүйөсү уурулардын сук көзүнө эбак эле түшүп калган делет. Матраимовду ушунчалык кыйын, амалкөй деп баарыбыз “мактап” жатпайбызбы. 2008-жылы эле үйүнө кирген уурулар андан дагы алда канча амалдуу болуп чыгат. Раим үйүнүн төрт тарабына жашыруун камераларды койдурганы менен уурулардын кантип киришкени таң калыштуу бойдон ачыкталбай калып кеткен. Беткап кийген уурулар тапанча менен Раим-миллиондун үй кызматчысы Алыкова Флюра, айдоочусу, аялы Уулкан, эки жашар баласын кухня ичине, ооздорун скоч менен жабыштырып камап салышкан. Матраимовдун айдоочусу Ахмедов Максутту сабашкан, аялдар менен жаш балага тийишкен эмес. Ал жерге куралчан бирөөсүн калтырып, калгандары үй ичин тинтип чыгышкан. Үй ичине катылган темир сейфти, андан башка 18 миң америка долларын, 100 000 сом, 40 миң сомдук алтын буюмдарын, эркектердин «Бригет», ошондой эле аялдардын швейцариялык кымбат баадагы сааттарын, 0772 77–43–43, 0555 82–41–46, 0555 87–77–77 номериндеги 3 уюлдук телефондорун алып кетишкен.Башка маалыматтар боюнча уурдалган темир сейфинде бир жарым миллион АКШ доллары болгон, акчаны Раим Бишкектеги «крышаларына» алып бармак болгон дешет. Матраимовду жакындан билгендер анын ошондогу эле уурдалган сааты эле 150, 200 миң доллар турарын айтышкан. Темир сейфти, азиат улутундагы уурулар бажыканага тиешелүү 00–50 ОА мамлекеттик номердеги «Мерседес-Бенс 230» машинасына жүктөшүп, белгисиз тарапка качып кетишкен. Машинанын бардачогунда 3, 600 сом менен кошо “Самсунг” маркасындагы 0777 89–58–56 номери бар уюлдук телефон бар болгон.

Эмне үчүндүр, миллиондогон доллары бар сейф уурдалган үй Раим Матраимовдун өзүнө катталбастан, хан сарай апасына катталганы таң калтырган болчу. Бул өлкөнү дүң кылган окуянын аягы эмне менен бүткөнү да табышмак бойдон калып кеткен. Матраимов өзү да бул иштин ачыкталышын каалабагандай болуп, ачыкка чыгып кеткен маалыматты коомчулукка жеткизбей жапканга болгон аракетин көргөн. Бажыканада иштегенине бир жарым жылдан ашып-аша элек Матраимов аз убакыттын ичинде мынча дүнүйөнү кайдан таап отурат? Эгерде Раим Матраимов мамлекетке ак кызмат кылганда, анын үйүнө эч ким кирип тономок да эмес да, туурабы? Кыргыз элинде «ууруну каракчы тоноптур» деген сөздүн чындыгы бар.
Курманбек Бакиев кезинде Раимдин «крышасы» легендарлуу Садыркулов менен Марат Бакиев болгон дешет. “Раим-миллион” үчүн «крыша» табыш жеңил-желпи эле иштердин бири сыяктуудай. 2010-жылы апрель революциясынан кийин эл аны кууп чыкканы маалым. Раим Матраимов Бишкекке келип, Атамбаевдин командасындагыларга 400 миң доллар берип, кайра ордуна олтуруп калганын Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүндө ачык айткан. 2010-жылдан кийин Раимдин “крышасы” Икрам Илмиянов болгон. Раим Матраимовдун мурдунун жыт билгичин ушундан байкаңыз ал 7-апрель революциясына чейин эле, бир деме болоорун алдын-ала туюп, Бакиев куласа, анын ордун Атамбаев ээлерин баамдап шоопур Илмияновду чакырып, сыйлап таанышып алганбы? Ошондон улам 7-апрель революциясынын эртеси эле Илмияновдун таасири жогорулап, Раим Матраимовду түштүк бажысына дайындаганбы? Илмиянов амалкөйлүк кылып, Матраимовду Атамбаевге аттуу-баштуу адамдарга буйрук берип мактатып турганбы? Кийин Атамбаев аттуу-баштуу адамдардан Матраимов тууралуу жылуу пикир уга берип, аны ишенген кожосу Илмияновго табыштаганбы? Ошентип, Илмиянов кылдаттык менен жүрүп олтуруп, Атамбаевдин буйругу менен Раим Матраимовду өз колуна алып, ууруулук схеманы күчөтүшкөнбү? Муну Раим Матраимов “Азия Ньюс” гезитине 2018-жылы апрель айында маек бергенде “Алмазбек Атамбаев менен ушул кезге чейин мамилебиз түз, эч кандай карама-каршылыксыз, терс көз караштар байкалган эмес. 2015-жылдын август айында менин республикалык бажы кызматынын төрага орун басары болуп дайындалышыма Алмазбек Шаршенович менен досум Икрам Илмияновдун түздөн-түз салымы бар. Аны танбайм да, жашырбайм да. Кезегинде КСДПны колдоп, мамлекетке канчалык деңгээлде кызмат көрсөткөнүмдү өздөрү эң жакшы билишет. Мен дагы эле алар менен “бир командадамын” деп ойлойм” деп моюндаган.
1-майда депутаттарды, өкмөт мүчөлөрүн “оптом” Кара-Сууга чакырып алып, дүңгүрөтүп спорттук иш чараны өткөрүүгө Матраимовдордун декларацияда көрсөткөн байлыгы менен өткөрүүгө мүмкүн эмес. Раим Матраимов өлкөнүн бажыканасынын башчысынын орун басары болуп иштеп турган мезгилдеги декларация боюнча ортоңку катмардагы эле чиновниктей эсептелинген. Кара-Суу районунун акими болуп иштеп аткан Тилек Матраимов өткөн жылдагы декларациясында 10 чарчы метр аянттагы үйдө жашай турганын көрсөткөн. Каржы полициясында иштеп жаткан иниси Ислам убагында Кара-Суудагы кампаны иштетип келгени маалымат булактарда айтылган. Ушул маалыматтарга ким ишенет? Элди алдайм десе дагы, бир аз окшоштуруп алдаш керек го.
Раим Матраимов Бажы кызматынын “көмүскө шефи” деп айтылган 2011-жылдан 2017-жылга чейин эл казынасы бажыдагы коррупция кесепетинен 4,43 млрд доллар же 315 млрд сом зыян тартыптыр. Муну Дастан Сарыгулов өзүнүн маегинде “2017-жылы Евразия экономикалык комиссия Кыргызстандын бажы тармагын иликтеп, бир топ маалыматты ачыкка чыгарды. Кытай мамлекетинин бажы кызматы 2015-жылы Кытайдын чек арасынан Кыргызстанга 4,3 млрддолларлык товар өттү десе, Кыргызстан бажы кызматы Кытайдан 1 млрд доллар товар кирди деп отчёт бериптир. Айырмасы каттоодон өтпөгөн 3,3 млрд доллар. 2016-жылы бул айырма 4,1 млрд долларды түзүптүр. Эки эле жылдын ичинде каттоодон өтпөгөн, бирок Кыргызстанга Кытайдан кирген товардын баасы 7,4 млрд доллар болгон экен. Орто бажы тариф 7% менен эсептегенде бул товардан өлкө бюджетине 550 млн доллар бажы салыгы түшпөй калган (же 38 млрд сом). Буга төлөнбөй калган НДС (кошумча нарк салыгын) кошкондо (12%) дагы 880 млн доллар (же 77 млрд сом) менен бирге эл казынасына 1 млрд 430 млн доллар же 115 млрд сом жоготуптур. 

Бул мамлекеттин бир жылдык бюджетине бир аз эле жетпейт. Ал эми 2011, 2012, 2013, 2014, 2017-жылдарды кошсо, бери дегенде эле эл казынасына 3 млрд доллар же 200 млрд сом түшпөй калган экен. Же 2011–2017-жылдары эл казынасы бажыдагы коррупция кесепетинен 4,43 млрд доллар же 315 млрд сом зыян тартыптыр” деп так цифраларды келтирген. Мында Матраимовдун “үлүшү” жок, ал сүттөн ак” дегенге элибиз ишенеби?

Бир олигархтын алдына барган депуттар, өкмөт мүчөлөрү мындан кийин элдин өкүлүбүз деп айтканга моралдык укугу барбы? Раим Матраимовдун дарегине “номур биринчи коррупционер” деген сөз айтылып, анын мүлкү, иштеген иштери текшерүүгө алынсын деп коомчулук президенттен талап кылып жаткан кезде, биздин аткаминерлер ошол жерге барып, жеке үй-бүлө өткөргөн иш чараны мамлекеттик деңгээлдегидей кабылдаганы цивилдүү өлкөлөрдө уят. Бир адамга кызмат кылып жүгүргөн адамдар бийликте турбашы керек. Раим Матраимовдун заманы ушундай жыргалчылыкта улана бербейт. Ал дагы эл берген суроолорго жооп берчү күн келет. Ал жөнүндө айтылып жаткан маалыматтарды иликтеген адам чыгат… Байлар дагы ыйлашат.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!