Бардык жаңылыктар

Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таштагы үйүнө чогулууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө иш-чара өтүп жатат.

Ал эми КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, экс-президенттин үйүнө жакындары, достору жана аксакалдар саясий кырдаалды талкуулоо үчүн чогулуп жатышат.

"Экс-президенттин тарапташтары жолугушуу уюштурууну өздөрү демилгелеген. Алмазбек Шаршенович үйдүн аймагынан милиция кызматкерлерин көрбөгөнүн айтты. Мен Кой-Ташка барганда жол инспекторлору көп болчу. Жеке пикиримде, Алмазбек Шаршенович тыкыр көзөмөлдө", — деди Карамушкина.

Болжол менен 250дөн ашык адам чакырылган. Алар Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тургундары экени айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Асель Кодуранова жана Анвар Артыков да барышты.

Чогулгандардын алдына Атамбаев өзү да жубайы менен барды.

Жыйында сүйлөгөндөр Атамбаевге карата мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтууда.

Эске салсак, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. Комиссия ишин 18-июнда жыйынтыктаган.
Ал эми 20-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча токтомго добуш берип, корутунду Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Эми башкы көзөмөл орган айыптоолорго юридикалык баа бериши керек.

Көп өтпөй экс-президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Атамбаевдин бул маселе боюнча жообун таратты. Анда Атамбаев өз дарегине айтылып жаткан айыптоолорду жалган деп, "учурдагы президенттин саясий атаандашын четтетүүгө болгон умтулуусу" катары баалады.



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО