Бардык жаңылыктар

Руслан Казакбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты: “Мамлекетибиз мыкты идеологияга муктаж болуп турат ”

—Руслан мырза, өткөн жумада Баткенде кыргыздар менен тажиктер чек ара маселеси боюнча бир топ жаӊжалдашты. Бийликке чек ара көйгөйүн чечиш үчүн эмне жетишпей жатат. Каражатпы же саясый эркпи?
Чек ара маселеси биз үчүн союз тарагандан кийинки чоӊ  көйгөйлөрдүн бири болуп калды да. Албетте, чек ара боюнча Кытай, Казакстан менен убагында талаш-тартыш болсо да, жалпысынан алганда чечип алдык. Бирок Казакстан менен чечиле элек дагы бир-эки жерибиз калды. Ал эми Тажикстан, Өзбекстан менен чек ара көйгөйү болсо ар кандай себептер менен ушул убакка чейин чечилбей келатат. Негизи чек аралаш мамлекеттер ортосунда саясый, экономикалык ынтымак, карым-катнаш күчтүү болсо, чек арада жашаган эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда келип чыккан талаш-тартыш, ар кандай келишпестиктер акырындык менен өз жолу менен чечиле берет. Биздин мамлекет Тажикстан менен кылымдарды карытып, достук мамиледе болуп келгени ырас.  Андыктан кыргыз-тажик чек ара мамилеси ортодогу түбөлүк достукка таасир тийгизбейт ишеничтемин. Бирок кандай болгон учурда да чек ара маселесине биринчи кезекте өкмөт, ошол жердеги жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары тыкыр көӊүл буруп, алдын-ала талапка ылайык болгон иштерди жүргүзүшү керек эле. Тилекке каршы, бул маселеге көӊүлкош карап, кайдыгерлик кылышты. Эми биринчи кезекте вице-премьер Жеӊиш Разаков, Баткен губернатору, акимдер ж.б. тиешелүү жетекчилер толугу менен жооп бериши керек. Жооп бергендин эӊ ылайыктуу,  жеӊил жолу алар кызматтан кетиши зарыл. Негизи коопсуздук маселеси боюнча вице-премьердин мына ушундай чоӊ маселеден башка эмне иши бар? Же аларга саясатчылардын телефонун тыӊшамай, үйүн аӊдымай, саясый куугунтуктан башка маселе жок болуп калды беле? Мына чек ара маселеси деген чыныгы чоӊ маселе да…
Жогорку Кеӊеш өткөн жумада 8-мартта Бишкекте өткөн гейпарад маселесин талкууладыӊар. Бирок көп депутаттар бул маселе боюнча оюн ачык айтпай, кайдыгер карап коюшту. Бул жагы элге да жакпай калды. Негизи мындай курч маселе супсак каралышынын себебин сиз жакшы билсеӊиз керек. Ушул маселени ачыктасаӊыз…
—Парламентте айтылчу сөздүн баары эле айтылды. Кыргыздын каада-салтына каршы экени, эл мындай терс көрүнүштөргө караманча –каршы экендиги баса белгиленди. Бирок ал митингде мыйзам бузуу болгон жок да. Улуттук коопсуздук комитети ал маселе боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөнүн, эгер жүргүзүлбөсө, андан да чоӊ иштер болмогун билдирди. Мындай терс иштер кыргыздын тарыхына, каада-салты сыяктуу баалуулуктарына терс таасирин тийгизе турганы боюнча сөздөрдү депутаттар баса белгилеп көбүрөөк айтпаганы болуп калды окшойт. Балким, эл ушул жагын  каалап тургандыр. Депутаттар УКМКга  бир катар сунуштарды айтышты. Бирок ошол жерде  депутаттар тарабынанбы, же атайын кызмат тараптанбы айтор: “ Бул иш-чаранын артында чет мамлекеттердин атайын кызматтары турат экен. Ошол иш-чарага келгендердин көбү башка мамлекеттердин өкүлдөрү экен” – деген сөз айтылып кетти. Эгер андай боло турган болсо, алар Бишкекте плакаттар менен ачык митинг өткөрүп жатса, анда УКМК каякты карап олтурат деген суроо туулбай койбойт. Мындай темп менен кетсек, эртеӊ чет мамлекеттерден каржылык жагынан мыкты болгон бир ууч топ кирип, Кыргызстанда каалаган нерсесин кылып, маселен, терроризмге,  сепаратизмге, керек болсо саясый өзгөрүүгө жол ачпайт деп ким кепилдик бере алат? Эмнеге дегенде Кыргызстанга чет мамлекеттерден кимдер келсе да, паспорт менен кирип жатышат да. Андыктан аларды тактаса болот. Кыскасы, Кыргызстан баардык жагынан ачылдык го. Ачылбаган эмнебиз калды?! Кептин баары мына ушул маселеде болуп калбадыбы. Мындан да катуу сөздөрдү айтат элем, бирок дипломотиянын эрежесинен көп чыга албайм.
—Ошондой болсо да,  ачуу чындыкты мисалдатып айтып туруу сиздердин милдет да…
—Туура, биз негизги чындыкты, өлкө ичиндеги көйгөйдү айтпасак болбойт. Мисалы, жер байлыктарын алалы. Негизи инвесторлор чет мамлекеттен келгендер. Алар келсин, иштешсин. Бирок ошол эле учурда өзүбүздүн ири ишкерлерибиз Аскар Салымбеков, Шаршенбек Абдыкеримов, Өмүрбек Бабанов сыяктуу миллионерлерге  лицензия берип, жеңилдиктерди берип  иштетсек жакшы болмок. Бирок алар  бул тармакта иштегилери келбейт. Себеби, дегенде бизде экономикалык жактан алганда туруктуулук жок да. Иштетпейт аларды, үлүшкө олтурат, же бизнесин тартып алат. Ушул себептен биздин чоң байлар башка мамлекеттерге инвестиция салып жатышат. Мындан башка деле көйгөйлөрүбүз толтура. Чек арабызды ачтык. Жакында өнүккөн өлкөлөрдүн визасын тааныйлы деген сунушту айтышты. Андай болсо, алардан мурун ЖККУга кирген Россия, Казакстан сыяктуу страгегиялык өнөктөш өлкөлөрдүн визасын тааныйлы да. Бирок биз үчүн азыркы учурда виза маселеси чоң маселе эмес.  Биринчи кезекте биз өз мамлекетибиздин ичин иретке келтирип, темирдей тартип орнотушубуз зарыл.  Чынында ушул тапта Кыргызстан чоң бир силкинүү сыяктуу маселеге муктаж болуп турат. Ал силкинүү кандай болушу мүмкүн? Менимче, терең идеологиялык силкинүү болушу керек деп эсептейм. Буга чейин бир топ “Кыргызстан  Жибек-Жолунун борбору”, “Жети кадам” сыяктуу  идеологиялык көптөгөн программаларды көрдүк.  Мен баарын жаман деп айтпайм. Жакшы изденүү болду. Азыр бизге   андан да чоң, терең  изденүү керек болуп турат. Чынында биздин мамлекет  демократиялык  принциптер  боюнча алганда сөз эркиндиги, адам укугу сыяктуу маселелерде алдыга кеттик. Бул жакшы. Бирок ошол эле учурда бизде Баш мыйзам, мыйзамдар толук кандуу иштебей жатат да. Кадр маселесинен да катуу аксап жатабыз. Бул маселе да  талапка ылайык көзөмөлгө алынышы керек. Биз бир этапты басып өттүк. Эки революция болду, башка болду дегендей.  Мурунку идеологиялар азыр  жарабайт деп жатабыз. Эми экинчи этапка өтүп жатабыз. Атамбаев президент болуп турганда 2012-2017- деп стратегиялык өнүгүү программасын кабыл алган. Жаңы президентибиз болсо укурукту алыс таштап 2018-2040 деп өнүгүү программасын кабыл алды. Эми ушул программаны баарылап ийгиликтүү ишке ашыралы. Ал үчүн дүйнө өлкөлөрүнөн ар  бир тармактар боюнча тажрыйбалуу адистерди, эксперттерди  чакыралы.  Ошолорду  талапка ылайык иштетели. Мен ушул маселени өткөндө айттым. Чынында өнүгүү программасын  тереңдетип жазуу керек. Бизде жаза тургандар көп. Акылдуу, тажрыйбалуу, таланттуу адамдарга каражат бөлүп, бүт шартты түзүп берсек, алар  мыкты программа жаза алышат.  Алты айда, же бир жылда мыкты программа жазылмак. Ушул маселени да көз жаздымда калтырбасак жакшы болот эле.
—Бизде деле тажрыйбалуу адисттер көп да…
—Ооба, абдан көп. Бийлик алардын тажрыйбасын толук кандуу колдоно албай жатат. Мисалы, ИИМди реформа кылууга: Мыктыбек Абдылдаев ,Мелис Турганбаев, Абдылда Суранчиев, Бакирдин Субанбеков, Зарылбек Рысалиев, сыяктуу генералдарга программасын жаздырса, жакшы жазып беришмек. Юстиция министри болуп иштеп кеткен Жылдыз Мамбеталиеваны  алалы, кесипкөй десең кесипкөй, таза десең таза. Экономика маселесин терең билген адис Арзыбек Кошожев бош жүрөт, билим берүү тармагын өтө терең билген Чынара  Жакыпова жүрөт. Анын соцтармактарга жазган билдирүүлөрү абдан кызыктуу. Мен окуп, депутаттардан окуп койгулачы деп суранып келем. Тышкы саясат боюнча Муратбек Иманалиевди айталы. Ал бүгүн сабагын гана берип коюп, бийликке кереги жок адамдай жүрөт. Болбосо, Муратбек мырза  өзүнч эле  академиялык энциклопедия, эң кыйын аналитиктердин бири.  Мына ушундай адамдардын потенциалын бийлик туура пайдаланса, өлкөгө чоң пайда болмок.
Сиз чоң өлкөнү жакшы жагына өзгөртүү боюнча  маанилүү маселелерди айтып жатасыз. Сиз айткан өзгөрүүнү элибиз чыдамсыздык менен күтүп келет. Бирок бийликте  мүмкүнчүлүктөр бар болсо да, саясый каалоо жок болуп жатканы байкалып турат. Туурабы?
—Туура. Бул маселенин көп жактары бар. Биринчи кезекте саясый туруктуулук маселеси зарыл.
—Президент сиз айткан маселелерди жакшы эле түшүнүп турат да. Эмне үчүн алгылыктуу кадамдарга бара албай жатат?
—Бул маселенин да өзүнүн себептери бар да. Президент эртең мененки  багымдат намазынан баштап,  кечки куптан намазына чейин иштеп жатат.. Мен баарын эле президентке шылтай бергенден алысмын. Азыр президентке туура маалымат жетишпейт. Ошондон улам да айрым бир саясатчыларга таарынып, дагы бирөөлөр менен алышып жаткан учуру. Ошондо да жетишпейт, иш абдан көп. Президентибизди  биз майдалап жатабыз. Президент Саламаттык сактоо, Айыл  чарба министрин, ж.б. министрлерди кабыл алып жатат. Мындай учурда премьер-министр каякта жүрөт? Балким, президент ошол тармактарды терең билейин деп министрлерди кабыл алып жаткандыр. Бирок менимче, президент  10-15 улуттук чоң долбоорлорду кабыл алып, мына ошолорду ийгиликтүү ишке ашырышы керек. Мисалы, коопсуздук, инвестиция маселелеринен баштап… Ар бир келген президент мурункудан жогору болушу керек. Менин байкашымча, президентке да, премьерге да көрүнбөгөн саботаж болуп жатат.
—Премьер-министр Путин келип кеткенден кийин кызматтан кетет деген кептер айтылып жатканын угуп жатасыз. Сиздин көз караш кандай?
—Өкмөт башчыны иштетиш керек. Абылгазиев жазгы талаа иштерин толугу менен бүтүрүп, туристтик сезонду толугу менен жабышы абзел. Мындан башка да баштаган иштерин бүтүрүшү зарыл. Анан бир жыл болгондо парламентке толук отчёт берилсе, биз ишине жараша чечим кабыл алсак, туура болот. Негизи бизде өкмөт башчыны 6 айдан кийин эле кетиребиз деген жаман саясат бар. Мына Бабанов 9 ай иштеди. Сапар Исаков 6-7 ай гана олтурду. Ушинтип олтурсак, бизге кайсы инвестор келет? Мындай көрүнүштүн пайдасынан зыяны көп. Биз бул адаттан арылбасак, баары жакшы болот деп айтуу кыйын.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев.
Булак:Багыт

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 16:42
Видео - Ишкер Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармап келген учур...
Видео // 16:37
Эксклюзивное ВИДЕО событий 7-августа, переговоры Курсана Асанова...
Видео // 11:13
ВИДЕО - Эл өкүлү Жанар Акаев криминалга каршы согуш жарыялады...
Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү