Бардык жаңылыктар

Жаңы маек - Ө.Текебаев: "Маанай боевой" мен азыр да өз укугум, принцибим жана өлкөдөгү проблемалар үчүн күрөшүп атам! (ВИДЕО)

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге түрмөдөн убактылуу которулуп келип, Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан жеринен жолуктук. Ал «Азаттыктын» кабарчысына саламаттыгы, маанайы, экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата мамилеси, Кыргызстандан чыгарылган миллиондор жана алтындар, Дача-СУ окуясы тууралуу маек курду. Текебаев 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга кесилген.



«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев 16-июнда "Азаттык" менен болгон маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу, аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу сунуштар боюнча көз карашын билдирди:

- Мен Атамбаевдин кыргыз тарыхындагы орду, анын келтирген залакалары так аныкталып, далилденип, элдин алдында да, соттун алдында да жооп беришин каалаган адамдардын биримин. Ага менин моралдык укугум бар деп эсептейм. Мен камалып калганыма өч алуу, таба кылуу максатында эмес, камала электе эле 2016-жылы Атамбаевдин кылмыштарын санап, импичмент маселесин көтөргөнбүз. Менин камалышымдын негизги себептеринин бири да ошол. Ошондуктан "Ата Мекен" партиясы 2016-жылы баштаган ишин аягына чыгарышы биз үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн да маанилүү деп ойлойм. Бирок "шашкан шайтандын иши" дейт. Мен айткам да, "мени түрмөдөн кол чабуулар менен чыгарасыңар" деп. Атамбаевди бүгүн шашып камап алып, эртең ал да кол чабуулар менен чыгышын мен каалабайм. Аны бүгүн шашып камап коюп, кийин өзү жактырбай, чанып жүргөн эл аралык уюмдарга кайрылса, алардын колдоосу менен акталып чыгып, каарман болушун каалабайм. Ошол себептүү күнөөнү коюш үчүн кылдат иликтеп чыгып, далилдерди таап, элди ынандырып, тарыхый документтерди бекемдеп, андан кийин жоопко тартыш керек деп эсептейм.

- Дарыгерлерге рахмат. Мени жакшы дарылашты. Азыр ден соолугум жакшы. Маанайым да жигердүү. Анткени кадимкидей абалда эмес, азыркыга чейин күрөш абалындамын. Өзүмдүн укугума, принциптериме, жалпы эле Кыргызстандын алдында турган маселелерге көңүл кош эмесмин. Колумдан келген аракетти биздин партия, депутаттар аркылуу жасап жатам.


Булак:Азаттык

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО