Бардык жаңылыктар

Премьерби же “бажалардын отдел кадрыбы"?..

Табылды Акеров: “Премьер Абылгазиев Нарындыктар менен Кочкорлук жердештерин чоң кызматтарга жайгаштыруу менен алек болуп, өкмөт эмес эле “отдел кадр” болуп алды”.

“Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туура эмес кадр саясатын жүргүзүп жатканы элге байкала баштады. Бул өзү мурда эле байкалган, бирок коомчулук, эксперттик коомчулук премьер-министрге карт-бланш берип, экономиканы көтөрөбү, демилгелерди алып чыгабы деп көп нерселерди айтпай келген”, – деп билдирди бүгүн, 17-майда саясат таанучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандарынын айланасында чыккан чууну комментарийлеп жатып.

“Мына, депутаттар анын бажасы Рысалиев жана анын баласы жөнүндөгү чууну алып чыгышпадыбы, андан башка да туугандарын, бир туугандарын чоң-чоң кызматтарга алып баргандыгы мурда эле белгилүү болчу. Мисалы премьердин бир тууган агасын Илимдер академиясынын Философия институтуна директордун милдетин аткаруучу кылып дайындап коюшкан. Бирок ал шайлоодон өтпөй калса да “өткөрүп” бересиңер деп басым жасап жатканы айтылып келатат. “Бишкекгазда” Абылгазиев деген бир тууган иниси директордун орун басары болуп дайындалыптыр, дагы башка Абылгазиевдер бир топ кызматтарга орношту. Премьер Абылгазиев кызматка алганда дагы жердештик жактан же болбосо бир тууган, туугандык жактан карап алгандыгынын далили катары, мына, Саламаттыкты сактоо министрлигине Абылгазиев деген эле инисин бир дары-дармектер боюнча департаменттин директорлугуна дайындашты. Жердештери же Нарындыктар, Кочкорлуктар кызматтарга коюлууда, мисалы, Дүйшөн Рысалиевди Бишкек СЭЗге бекитти, “Манас” аэропортуна президент болуп Нурлан Акматов дайындалды. Ушинтип ар кайсы жерлерде жердештери же туугандары кызмат алып олтурушат да. Албетте бул туура эмес, муну парламент териштирип, бир чечимге келип, баасын берип, сөзсүз түрдө жазалоо керек. Президенттик аппарат мурдагыдай өкмөттүн ишине кийлигишпей эркин койгондуктан, өкмөт өзүн эркин сезип, тууган-уругун, жердештерин ара кайсы кызматтарга орноштуруп, канатын жайып, баягы эски Акаев менен Бакиев учурундагыдай абалга өтүп кетти. Экономиканы көтөрөйүн, демилгелер менен чыгайын дегендин ордуна кызматтар менен алек болууда. Президент коррупция менен жакшы иштеп жатат, УКМК Илмияновду Москвадан алып келди, Адамкул Жунусовду Бакудан алып келди… “, – деди Табылды Акеров.

Саясий серепчи Т. Акеров бир гана четин көргөзүп айтыптыр. Мен да кошумачалап кетейин.

Мындан сырткары Абылгазиев мамлекеттин башка бийлик тармактарына өз жердештерин, жээндерин, туугандарын майлуу-сүттүү жетекчилик орундарга дайындаган.

1-2 факт келтирейин. Мисалы; Укук коргоо органдарынын ичинен ИИМ министринин орун басары кылып көптөн бери бош жүргөн (чарчап калган) Кочкорлук, милициянын полковниги Каниметов Мирланды өзүнүн буйругу менен дайындаган. Анын кесепетинен уюшкан кылмыштуу топтордун тиреши ачыкка чыгып, алар бири-бирин өлтүрүп, жөнөкөй жарандарга коркунуч жаратууда.

Андан сырткары Кыргызстан боюнча эң чоң жана кирешелүү деп эсептелген ИИМдин Ленин райондук күзөт бөлүмүнө эч бир жетекчилик тажырыйбасы жок жээни Ташибеков Темирбекти башчы кылып дайындаттырган.

Азыркы қезде бул башкарган бөлүмдүн өздүк курамы башчы өзүнүн гана жердештерин көтөрмөлөп жатканына нааразы болуп, жаат-жатка бөлүнүп калганы айтылууда. Президент жана анын аппараты кадр саясатына кийлигишпегенин колдонгон премьер-министр кландык башкарууну түзүп кайрадан элдин кыжырын келтирген революциялык кырдаалга алып келүүдө.

Мындай өкмөт курамы менен тез арада отставкага кетиш керек!!!

Булак: “Кабар Инфо”

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО