Бардык жаңылыктар

Өмүрбек Текебаев – кыргыз саясатындагы өзгөчө феномен!

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери Кыргызстандагы демократиялаштыруу процессинин башатында турган, анын калыптанышына ири салым кошкон, партиялык курулушту түптөгөн, Конституциябыздагы 1993-жылдан берки оңдоп-түзөөлөрдү ишке ашырып, калк арасында «Конституциянын атасы» деген лакап атка конгон ушул эле биздин замандашыбыз Өмүрбек Текебаев. Биз эмне дебейли, айрымдар жактырып, айрымдар жактырбай, кантип баа бербейли, Текебаев кыргыздын соңку жаңы тарыхында өзүнүн татыктуу ордун тапкан инсан. 

Ал Кыргызстандын саясый асманында өзгөчө феномен. Жаш физик мугалим кезинен эле советтер союзунун кынтыксыз саясатына, анын идеологиясына каршы чыгып, окуучуларын пахта теримге чыгарбай коюш – бул ал кездеги кулак угуп, көз көрбөгөн көрүнүш болгон. Ал өзүнүн темирдей логикасы менен Кыргызстанды демократиялык мамлекетке айлантууда Кыргызстанда демократиянын калыптанышына «легендарлуу парламентке» депутат болуп шайлангандан берки мезгилде ат көтөргүс салым кошту. Азыр Кыргызстандагы 30 жашка чейинки жаштардын бардыгы күн сайын Текебаев деген ысымды угуп, көрүп чоңойду. Ал эми азыр 50 жаштын тегерегиндеги саясатчылардын дээрлик баардыгы Текебаевдин таасиринде калыптанышты. Буга ошол саясатчылардын анын 60 жылдыгында сүйлөгөн сөздөрү эле күбө болот.

Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү чоң же кичине чиновник эмес, саясатчы, болгондо да парламенттик саясатчы. Ал Кыргызстандагы парламенттик саясатты, парламенттик маданиятты Балтика боюндагы мамлекеттердин деңгээлине көтөрө алды. СССР деген чоң империя кулап, КМШ мамлекеттеринде демократиялаштыруу алгач башталган кезде Орусияда Немцов, Явлинскийлер баш болгон жаштар чыккан. Ельцин кайсы бир сөзүндө Немцовго «менден кийин сен президент болосуң» дегени бар. Ошондой эле жаштардын толкуну Кыргызстанда да болду, анын көрүнүктүү өкүлү Өмүрбек Текебаев болгон. Орусияда ал толкундагы жигиттер катардагы саясатчылар бойдон калса, Өмүрбек Текебаев эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандагы саясаттын туу чокусунда болуп келди. Текебаевдин деңгээлиндеги саясатчылар КМШда эмес, Россиянын Думасында да жок. Өзү түптөгөн «Ата Мекен» партиясы өлкөдөгү абройлуу саясый партиянын бири болду. Ошону менен катар Кыргызстанда партиялык системаны түптөдү. Акаев-Бакиев заманында келишкис оппозицияда болуп, алар качканда өлкөнү мыйзамдуу нукка бурууда чоң роль ойноду. Муну Текебаевдин достору да, кастары да мойнуна алат. Болбосо биздикидей эле шарттарда мыйзамдуулукка келе албай, айлап-жылдап стабилдүүлүгүгү бузулган мамлекеттер да бар. Ошентип, Ө.Текебаев эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда саясатчылардын чоң плеядасын даярдады. Ал өзү адрестүү кимдир бирөөнү окутпаса да, ага окшошуш үчүн аны туурап чоңоюшту, калыптанышты.

Демек, бүгүн Текебаев улуттук деңгэлдеги саясатчыга айланды. Мына ушул Акаев-Бакиев камай албаган саясатчыны Атамбаев каматты. Эгерде Атамбаев Текебаевди шашылыш түрдө каматпаганда, ал Атамбаевге импичмент жарыялап, анын бир топ мыйзамсыз иштеринин бетин ачмак. Андан бери да Кудай бар экен, өзүнөн-өзү эле ТЭЦ, музейдин жана ипподромдун чыры, Дача-СУ ж.б. Атамбаевдин кулагы көрүнүп, былыктары чыгып калды. Али ачыла элек, бизге билинбеген дагы канчасы бар?

Ал эми Өмүрбек Текебаевге тагылган күнөөнүн бирөөсү да далилденген жок. Тескерисинче, андай фактыларды берген Маевский деген шылуун азыр өзү Орусияда абакта жатат. Мына ушул жерде мындан 80 жылдан илгери болгон Г.Димитров деген болгар коммунисттин тагдыры эске түшөт. 1933-жылы Германияда парламенттик шайлоо жакындап калат. Фашисттик бийлик коммунисттердин таасири чоң экенин байкап, «Рейхстанды өрттөдү» деген шылтоо менен Э.Тельманды баш кылып, миңдеген коммунисттерди, социал-демократтарды, журналисттерди камайт. Ушуларга жардам берген боюнча жанагы Маевскийдей эле официант катындын ушагы менен Г.Димитровду да камайт. Ал бир жылга жакын түрмөдө жатат. Сотто ошол өрт болгон күнү Берлинде болбогонун далилдеп үч саат сүйлөйт. Ал эми Текебаев да ал күнү Ак-Кеме мейманканасында өтүп жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында болгону, ж.б. толгон-токой далилдер менен эки күн сүйлөп, сотту ташталкан кылса да, күчкө салып эле кесип жиберди. Соттун акыркы эки күнүнө мен да катыштым. Анда Өмүрбек ташка тамга баскандай кылып ораторлуктун классикалык формасында ар бир позиция боюнча далилдер менен көрсөтүп берди, сот башын көтөрө албайт, элдин көзүн карай албайт, ага да бооруң ооруйт.
«Лейпцих процесси» деп тарыхка кирген, Димитровду соттогон фашисттердин соту Атамбаевдин сотуна караганда гумандуу болгон экен. Бекболот Талгарбеков айткандай, миң жылда бир келген кесепет Атамбаевдин бийлигинин кеткенине 1,5 жылдай убакыт болуп калды, бирок ал түзгөн сот системасы ошол эле инерция менен келе жатат.

Өткөн жылдын аягында жарык көргөн академик Абдыганы Эркебаевдин «Азаттыктын азаптуу жолу» аттуу өтө мазмундуу китебинде (саясатты иликтегендердин бири да бул жагынан Эркебаевге караандабайт) өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарындагы кыйынчылыктарын, кемчиликтерин анализдөө менен бирге Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар жана коомдук ишмерлердин саясый портреттерин даректүү иликтөөлөр менен берген. Мына ушул тизмекте «Я с тобой Өмүрбек» деген орус тилиндеги көлөмдүү материалы да бар. Бул макала Текебаевдин күнөөсүз эле, түккө турбаган фактылар менен түрмөдө жаткандыгынын бир жыл болушуна жана Өмүрбектин 60 жылдык юбилейине карата Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Д. А.Жумабековко жана Жогорку соттун төрайымы А.А.Токбаевага багышталган ачык каты. Тилекке каршы, Кыргызстандагы эң абройлуу, эң таза, эң түз адамдын, кала берсе Жогорку Кеңешке он жылдай төрагалык кылган академиктин бул кайрылуусу каралбай, көңүлгө алынбай кала бериши коомчулукту кайгыртты, азыркы бийликке коомчулуктун ишенимин аздатты. Академик ошол материалында 1990-жылы 32 жаштагы Өмүрбектин «легендарлуу парламентке» депутат болуп шайланып келгенден камалганга чейинки баскан жолун даректүү фактылар менен гана белгилебестен, дүйнөлүк чыгаан саясатчылардын өмүр баяндары менен салыштырып карайт. Абдыганы Эркебаевдин Ө.Текебаевдин түрмөгө түшүшүнүн окшош жактарын француз Дрейфус, италиялык А.Грамши, орус Ленин, грузин Сталин, еврей Троцкий, болгар Г.Димитров ж.б. өзүбүздөгү Тургуналиев, Кулов баш болуп түрмөгө түшкөндөр: К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, Д.Чотонов, К.Исаев, Н.Түлеев, Б.Асанов, Б.Талгарбеков ж.б. көптөгөн инсандардын бийликке каршы пикир айтканы, бийликтин туура эмес жасап жаткан иштерин ачып бергендиги, негизинен алардын саясый көз карашы жөнүндө камалгандыгы – бул факт. Албетте, Өмүрбек Текебаев «Аскар Акаевди үй-бүлөсү менен Чаушескидей атыш керек», же Курманбек Бакиевди «асынып өлүп алышың керек» дегендей өтө эмоционалдуу сөздөрү үчүн да Алмазбек Атамбаевдей болуп каматкан эмес эле. Академик китебинде Текебаевдин өтө эмоционалдуулугун белгилеп, бирок, анын саясый күрөштөрдө такшалып бышкандыгын, айрыкча аудиторияны өзүнө каратууда анын ораторлугун, логикасынын тактыгы менен кыргыз саясатчыларынын арасында өзгөчө орунда турарын бир топ дүйнөлүк саясатчы-ораторлордун атын атап, кыргыз саясатында да Текебаев ушундай саясатчылардын тибине кирерин баса көрсөтөт. Андан ары А.Эркебаев мыйзамдуу жол менен Ө.Текебаевди кантип бошотуунун бир канча мисалдарын, жолдорун көрсөтүп, «жакында 60ка чыгат, ага чейин күнөөсүз эле отурган иним боштондукка чыгып каларына ишенем. Мен сени мененмин, иним Өмүрбек – өз элинин татыктуу уулу!» деп тамамдайт.

Чындыгында биз кечээки Жогорку соттон чоң үмүт кылганбыз, бирок, биз күткөндөй болгон жок. Жогоруда академиктин оюн улай, дүйнөнүн саясый тарыхында 70,80,90 жашында тарыхка терең из калтырган саясатчылар көп. Сен да Өмүке ушундай инсандардын тибине киресиң, мамлекеттин эртеңки күнүнө сергек караган адамдардын массасы сени менен.
Биз сени менен сыймыктанабыз, иним Өмүрбек!

Жолборс Жоробек
Булак: «Азия ньюс»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО